КЫЗ-КЕЛИНДЕРГЕ ЗОМБУЛУК КӨРСӨТКӨНДӨРГӨ БӨГӨТ КОЕЛУ

  • 18.08.2021
  • 0

Кечээ Нарын шаарында зомбулукка кабылган аялдар жана өспүрүм кыздар үчүн көрсөтүлгөн кызматтарды жакшыртуу жолдорун, зомбулуктун алдын-алуу боюнча биргелешкен пландарды талкуулаган жыйын өттү.

“Зомбулуктан жабыр тарткан аялдар жана кыздар үчүн базалык кызмат көрсөтүүлөр жана ведомстволор аралык координациялоо” темасын камтыган ал жыйын КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, КР Ички иштер министрлиги жана “Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” коомдук фонду, КР Министрлер кабинети, БУУ жана Европа Биримдигинин “Теңдик нуру” биргелешкен демилгесин ишке ашырууну, т.а. аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту алдын-алуунун жалпы планын иштеп чыгууну көздөйт.

КЫЗ-КЕЛИНДЕРГЕ ЗОМБУЛУК КӨРСӨТКӨНДӨРГӨ БӨГӨТ КОЕЛУ

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жетелек өспүрүмдөрдүн иши боюнча бөлүмдүн башчысы, милициянын полковниги Нуржан Адылованын айтымында, катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын-алуу жана жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү ббоюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жана практикалык ишмердүүлүктөрү менен жакындан таанышып, жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү жана ал жердеги аялдардын муктаждыктарын эске алуу менен, ар бир айыл аймак үчүн иштелип чыккан пландардын долбоорлорун талкуулашты.

Планды талкуулоого саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин медициналык жардамды жана коомдук саламаттыкты сактоону уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева, ДПИБ кызматкерлери жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков, Кочкор жана Ат-Башы райондорундагы пилоттук жамааттардын, аялдар кеңештеринин, аксакалдар сотторунун ж.б. өкүлдөрү катышты.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер