“КЫЯЛГА КАДАМДЫН” ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 25.01.2021
  • 0

“Балажан” балдар борбору Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурган республикалык “Кыялга кадам” социалдык долбоордун онлайн сынагы жыйынтыкталды.

Аралыктан өткөрүлгөн сынактын финалына Кыргызстандын бардык аймактарынан 28 долбоор катышты. Жаш финалисттер өздөрүнүн долбоорун “Балажан” борборунун Zoom аянтчасында көргөзүштү.

Сынактын эксперттик комиссиясынын төрагасы КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тимур Саламатов сынактын актуалдуулугу жана пайдалуулугу катышуучулардын санынын көптүгүнөн байкалып тураарын белгиледи.

— Жаш жеткинчектердин потенциалын ишке ашырууда ушундай сынактардын пайдасы чоң. Сынак алардын потенциалын чагылдыруучу ийгиликтүү аянтча болоору шексиз. Биз ушундай демилгелерди туш тарабынан колдоого алышыбыз керек” – дейт.

Жалпысынан «Кыялга Кадам» Балдардын Үзгүлтүксүз Билим Берүүсүнүн Биринчи Expo-Форумунун (www.kyialgakadam.kg) расмий сайтына Кыргызстандын бардык аймактарынан 118 команда, 590 катышуучудан арыз түшкөн. Алардын ичинен 28 команда ачык добуш берүүнүн натыйжасында 14765 добуш алып финалист болуп тандалган. Акыркы чечимди добуш берүү жолу аркылуу интернет колдонуучулар кабыл алышкан.

“КЫЯЛГА КАДАМДЫН” ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Төмөнкү командалар алдыңкы үч орунду ээлешти:

1794 добуш менен Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын “Сен армспорт жөнүндө эмне билесиң?” долбоору менен биринчи орунду ээлеп, армрестлерлер командасы көрөрмандарга спорт менен машыгуунун маанисин жеткире алды.

Байгелүү биринчи орунду бул команда менен Чүй облусунун Беловодское айылынын командасы “Жаштардын экономикалык ишмердүүлүгүн активдештирүү” деген долбоору менен тең бөлүштү. Ал ийгиликтүү ишкердин актуалдуу маселелерин көтөргөн команда 1774 добуш алууга жетишти.

Жана ошондой эле Балыкчы шаарынын Жалын командасы сунуштаган “Кыялга карай жол” социалдык оюну да көрөрмандардын көңүл чордонуна илинип, 1708 лайк алды.

Экинчи орунду 5 команда бөлүштү. Алар: Ош облусунун Мырза-Арык айылындагы “Акжол” командасынын “Эс алуучу балдар аянтчасын куруу”, “Ысык-Көл облусунун балдар-өспүрүмдөр уюмдарынын лидерлеринин алмашуусу” долбоору менен “Манас БӨУ лидерлери” командасы, Ош облусунун Кара-Кулжа шаарынын “Дилгирлер” командасынын “Окуу маданиятын өстүрүү” долбоору, Жалал-Абад шаарынын “Лидерлер” командасынын “Ата-бабалар жана урпактар” долбоору жана Кызыл-Кыя шаарынын “Шаардык паркты жакшыртуу боюнча жаңы кадамдар” долбоору менен “Келечек” командасы;

“КЫЯЛГА КАДАМДЫН” ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Үчүнчү байгелүү орундун ээлери: Ош шаарынын Арууке командасынын “Бий – бул саякат дүйнөсү” командасы; Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарынын “Дизайнер” командасынын “Улуттук кийимге заманбап көз караш” долбоору; Нарын облусунун Ат-Башы районунун “Көйгөйдү көрсөтүү” долбоору; Ош шаарынын “Мен кыргыздын кызымын” долбоору; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылынын “Жакшылыктын жарчысы” командасынын “Жакшылык кыл” долбоору; Нарын шаарынын “Жандуу сөз” долбоору жана Бишкек шаарынын “СЮТ” командасынын “Мини трактор” долбоору;

Эксперттик комиссия көпчүлүк добуш менен орундарды төмөндөгүдөй бөлүштүрдү: Биринчи орун Талас шаарынын Смаил командасынын “Түшүнүү үйү” (“Дом взаимопонимания”) долбооруна ыйгарылса, экинчи орунду Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылындагы Жаш хакер командасынын “Өспүрүм баланын компьютерден көз карандылыгы” долбооруна беришти. Ал эми үчүнчү орунду Нарын облусунун Жерге-Тал айылынын командасы ээледи.

Ар бир лауреат Билим берүү жана илим министрлигинин Диплому жана баалуу белеги менен сыйланышмакчы.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер