КЫТАЙДЫН ЖОЖдорунда ГРАНТТЫК НЕГИЗДЕ ОКУУГА СЫНАК УЗАРТЫЛДЫ

  • 14.12.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылында Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн бакалавриат, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча стажировка өтүү үчүн сынакка катышууга өтүнмөлөрдү жана документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 15-декабрына чейин узартылгандыгын маалымдайт.

КЫТАЙДЫН ЖОЖдорунда ГРАНТТЫК НЕГИЗДЕ ОКУУГА СЫНАК УЗАРТЫЛДЫ

Каалоочулар http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасындагы “2023-2024-окуу жылында Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу” бөлүмүнө катталып, формаларды толтуруп, ошондой эле талап кылынган бардык документтерди жүктөшү керек.

Шарттар жөнүндө толугураак — https://edu.gov.kg/announcements/165/

Бөлүшүү

Комментарийлер