КЫТАЙДЫН УНИВЕРСИТЕТТИК СПОРТ ФЕДЕРАЦИЯСЫ МАГИСТРДИК СТИПЕНДИЯЛАРДЫ СУНУШ КЫЛАТ

  • 27.01.2021
  • 0

Кытайдын университеттик спорт федерациясы (FUSC) Кытайда 2021-2022-окуу жылына магистрдик стипендия алуу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылды.

Онлайн-өтүнүм жана ага байланыштуу документтер www.campuschina.org  сайтында тапшырылышы керек.

Талаптар:

  • Кытай жараны эмес;
  • Ден-соолукка байланыштуу көйгөйлөр жок;
  • Бакалавр даражасына ээ болуу жана 35 жашка чыга элек болушу керек (магистратурага тапшыргандар үчүн);
  • Магистр даражасына ээ болуу жана 40 жашка чыга элек болушу керек (докторантурага тапшыргандар үчүн).

 

Талап кылынган документтер:

  • Кытайдын өкмөтү тарабынан бөлүнүп жаткан стипендияга ээ болушу үчүн өтүнүм (Кытай же англис тилинде);
  • Загранпаспорттун көчүрмөсү (2022-жылдын 1-мартынан кечиктирбестен жарактуу);
  • Жогорку билим жөнүндө диплом;
  • Академиялык транскрипт (кытай же англис тилинде);
  • Кытай же англис тилдериндеги изилдөө планы, магистранттар үчүн — 500 сөздөн кем эмес, докторанттар үчүн — 800 сөздөн кем эмес.
  • Окуп жаткан жеринен же иштеген жеринен эки сунуш кат (англис же кытай тилинде);
  • Музыкалык билим алууга тапшыра турган талапкерлерге өз эмгектерин тапшыруу сунушталат; Көркөм сүрөт искусствосу программасына тапшыра турган талапкерлер өзүлөрүнүн эки эскизин, эки түстүү сүрөтүн жана дагы эки эмгегин камтыган өз иштерин тапшырышы керек;
  • Кытай Эл Республикасына окууга тапшыргандар үчүн медициналык маалымкат;
  • Соттолбогону тууралуу маалымкат;
  • Улуттук университеттин спорт федерациясынын сунуш каты.

 

Эгерде бар болсо, төмөнкү документтерди тапшыруу сунушталат:

  • Кытай өкмөтүнүн стипендиялык программасынын алкагында университетке кабыл алуу жөнүндө алдын ала кат;
  • HSK, TOEFL же IELTS сертификаттары. Кытай тилинде окуй турган талапкерлер HSK 4 сертификатын тапшырышы керек.

Талапкерлер онлайн-өтүнүмдү толтургандан кийин, 2021-жылдын 17-февралына чейин, Кыргыз Республикасынын университетинин спорт федерациясынын атынан FUSC кеңсесине Ли Юань айымга [email protected] дарегине бир сунуш кат жөнөтүш керек.

Талапкерлердин өтүнүмүнө байланыштуу бардык суроолор боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегин колдонуп FUSC менен байланышса болот.

Тиркемеде толук маалыматты, өтүнүм берүү боюнча көрсөтмөлөрдү, ошондой эле КЭРге бара жаткандар үчүн медициналык маалымкаттын формасын жөнөтөбүз.

Тиркеме:Магистерские стипендии в Китае-5-12.pdf

 

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер