Кытайдан келген дарыгерлер кыргызстандыктардын көзүнө бекер операция жасайт

  • 01.08.2023
  • 0

Бишкекте Кытайдан келген офтальмологдор акысыз негизде катаракта дартына текшерүү жана операцияларды жасашат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, алдын ала текшерүү жана бейтаптарды каттоо Тоголок Молдо 1/7 дареги боюнча (Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасы) 7-августтан 8-сентябрга чейин саат 09:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт (дүйшөмбүдөн жумага чейин).

Бейтаптардын жанында сөзсүз түрдө өздүгүн тастыктаган документ, маалымкаттар (пенсия, майыптыгы, баатыр эне тууралуу ж.б. күбөлүгү) болушу керек.

Байланыш үчүн телефон: 0990800483

Бөлүшүү

Комментарийлер