КЫТАЙ ЖАҢЫ ЖЫЛЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 03.02.2023
  • 0

№2 орто мектебинде салтка айланган Чыгыш Жаңы жылы белгиленип, окуучулар кытай майрамына ылайык ырларды ырдап, бийлерин бийлеп, чакан спекталь аркылуу чагылдырды.

КЫТАЙ ЖАҢЫ ЖЫЛЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бул мектепте кытай тили 2010-жылдан бери  6-11- класстардын окуучулары арасында  бекер окутулуп, бул тилди өздөштүрөрү ар бир окуучунун өз ыктыярына коюлат.  Ж. Баласагын атындагы КУУ нун алдындагы Конфуций институтунун волонтёрлору сабак берип, окуучулар кытай тилин өзгөчө кызыгуу менен үйрөнөт. Окуучулар бул тилди жогорку денгээлде өздөштүрүүсү үчүн атайын кабинет түзүлүп, телевизор, проектор жана башка жабдуулар менен жабдылган. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасында Кытайда бюджеттик негизде билим алгандар да аз эмес.

Кытай тилин жарым жылдан бери окуп келе жаткан 10-классынын окуучусу Жолдошбеков Сыймык келечекте Кытайга барып билим алуу максатында азыртадан кытай тилин мыкты өздөштүрүүдө.

  • Кытай тилине болгон кызыгуу Кытайга барып билим алып келген адамдардын интервьюсун көргөндөн кийин жаралган. Жайкы каникул учурунда атайын курска барып базасын үйрөнүп, сентябрь айынан тартып Конфуций институтуна барып жатам. Мектепте да жумасына үч ирет кытай тили сабагы болот. Экинчи деңгээлди бүтүп, өзүмдү сынап көрүү үчүн үчүнчү деңгээлге тест тапшырып, ага өтүп кеттим. Буюрса, Кытайга барып окууну кыялданам. Себеби Кытай өнүккөн өлкөлөрдүн бири, көп жаңы нерселерди үйрөнүп, тажрыйба топтоп келип мекенимдин өнүгүүсү үчүн салым кошкум келет, — дейт Сыймык.

 

                                                                                                   Айгерим Токтобай кызы

Бөлүшүү

Комментарийлер