КЫТАЙ ТИЛИН ОКУТУУ БОЮНЧА СЕМИНАР

  • 21.02.2023
  • 0

КЫТАЙ ТИЛИН ОКУТУУ БОЮНЧА СЕМИНАР

ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинде “Борбор Азия өлкөлөрүндө кытай тилин эл аралык окутууда кытай тилин билүү деңгээлинин стандарты” аттуу эл аралык семинар өттү. Аталган семинарга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандан 40тан ашуун кытай тили мугалими катышты.

Ачылышында ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова мындай  семинарларды, конференцияларды өткөрүү демилгеси бүгүнкү күндө абдан актуалдуу экенин белгиледи.

Чыгыш Кытай педагогикалык университетинин профессору Йежюнь, Эл аралык кытай тилин тестирлөө борборунун директору Хуан Лей, Евразия улуттук университетинин кытай тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, доцент Даулетали Акбархан, Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу университетинин Конфуций институтунун директору, доцент Саодат Насирова, Орус-Тажик (Славян) университетинин кытай тили мугалими Юлия Муродова, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кытай тили мугалими Абдужапар уулу Канатбек жана ОшМУнун  Кыргыз-Кытай факультетинин кытай тили кафедрасынын башчысы Маратбек Абдыкулов сыяктуу алдыңкы окутуучулар жана эксперттер тажрыйбалары менен бөлүштү.

Эки күндүн ичинде эксперттер стандарттарга талдоо жүргүзүп, окутууда колдонуу, жаңы HSK тесттерин, окуу куралдарын жана окуу китептерин иштеп чыгуу, алдыдагы иш-аракеттер боюнча ой бөлүшүп, пикир алмашышты.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер