КЫТАЙ, КАЗАКСТАНДЫН ЖОЖДОРУНА ДОКУМЕНТТЕР КАБЫЛ АЛЫНУУДА

  • 14.06.2024
  • 0

2024-2025-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жарандарына Казакстан жана Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн сынактык тандоо жүрүүдө.

КЫТАЙ, КАЗАКСТАНДЫН ЖОЖДОРУНА ДОКУМЕНТТЕР КАБЫЛ АЛЫНУУДА

Кытай Эл Республикасынын Син.цзян-Уйгур автономдуу районунун (СУАР) Элдик өкмөтү кыргыз жарандары үчүн бакалавриат, магистратура, докторантура программалары боюнча билим алууга 125 стипендиялык орун бөлдү. Анын ичинен 50 орун кытай тилин билбей туруп, тил такшалма жана бакалавр (1+4) программаларында окутуу үчүн ажыратылган.

Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасы аркылуу 2024-жылдын 25-июнунда түнкү саат 23:59га чейин “2024-2024-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу “КЭР Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун элдик өкмөтүнүн стипендиясы” программасы бөлүмүндөгү керектүү талааларды толтуруп, талап кылынган бардык документтерди жүктөө керек.

Системада ар бир окуу программа боюнча каттоо талапкер тандаган билим деңгээлине (бакалавр, тил боюнча такшалма, магистратура жана докторантура) ылайык жүргүзүлөт.

Эскертүү! Толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четтетилет!

Ал эми Казакстан Республикасы бакалавриатка – 25, магистратурага – 20, төмөндөгү программалар боюнча квоталарды бөлдү:  медициналык билим алуу (окуу мөөнөтү – 6 жыл) – 5 орун бөлдү.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ сайтына катталып, талап кылынган тиешелүү документтерди 23-июнга чейин жүктөшү зарыл.

 Эскертүү! Документтердин толук пакетин камтыбаган өтүнмөлөр четке кагылат!

Стипендиялык программага катышуу боюнча бардык маалыматттарды иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 621519 номери аркылуу алсаңыздар,  ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду moin.mo@mail.ru электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим» 

Бөлүшүү

Комментарийлер