КЫТАЙ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ОШТУДА
- 09.08.2024
- 0
Ош технологиялык университетине Кытай Эл Республикасынын Хубей провинциясындагы Шицзячжуан темир жол институтунун проректору У Эли (WU ALI) жетектеген делегация келди.
ОшТУнун басма сөз кызматы кабарлагандай, делегация Шицзячжуан темир жол институтунун жана Кыргыз-кытай инвестициялык палатасынын ассоциациясынан биргелешкен курамынан түзүлгөн. Келген делегациянын негизги максаты – “Бир алкак — бир жол” долбоорунун алкагында ОшТУ менен биргеликте “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу үчүн жана Ноокат районунда курулуп жаткан ири жер семирткичтер заводуна адистерди даярдоо жана келечекте кайсы тармакта иштешүүнүн пландарын талкуулоо болуп саналат. Конокторду ОшТУнун ректору профессор Ж.Турсунбаев жетектеген курам кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу туурасында кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Жолугушуунун жыйынтыгында ар бир тарап эмнелерди аткаруусу, окуу процессинин башталуусу, жүрүүсү жана механизмдери, окуу жайдагы шарттар туурасында так тактап алышты. Жакынкы арада жер семирткичтер заводуна адистерди окутууну баштоого токтолушту, андан кийин темир жолу үчүн адистерди даярдоого даярдык көрүүнү макулдашты.
А.Кашыбаева,
«Кут Билим»
Комментарийлер