КЫТАЙ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ БИШКЕКТЕГИ №69 МЕКТЕПТИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 30.10.2026

2026-жылдын 30-октябрында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин демилгеси менен Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Бишкек шаарындагы №69 жалпы билим берүү мектебине иш сапары менен келишти.

Иш сапардын алкагында меймандар мектептин окуу-тарбия процесси, билим берүү шарты жана окуучуларга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр менен таанышып, бир катар сабактарга катышышты.

Учурда №69 мектепте 4 миң окуучу билим алат. Алардын 1200ү кытай тилин үйрөнүүдө. Бул көрсөткүч мектепте кытай тилин окутууга жана Кытай маданиятын таанытууга өзгөчө көңүл буруларын тастыктайт.

Иш-чарага Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин жаңы дайындалган директору Жаныбек Орозалиев да катышты.

Жолугушууда  кыргыз-кытай достугун бекемдөө, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо, тил үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана маданий алакаларды бекемдөө маселелери талкууланды.

Делегациянын бул сапары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө жана билим берүү, маданият тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болду.

Мадина КУРБАНОВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү