КЫТАЙ МЕНЕН ЧЕКТЕШКЕН ЧЕК АРА УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ, АБА КАТТАМЫ ТОКТОТУЛДУ

  • 03.02.2020
  • 0

Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жапты, аба каттамын токтотту. Мындай чечимди Кыргыз Республикасынын аймагына короновирустун кирүүсүн алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө боюнча республикалык штаб кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө коронавирустун чыкканы боюнча такталган учур катталган жок. Республиканын бардык көзөмөл-өткөрүү жайларында, Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропорттордо санитардык- көзөмөл пунуттары иштеп жатат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн жарандарда сасык тумоонун жана курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын белгилери жана симптомдору болсо атайын палаталарга (изолятор) жайгаштырылууда, ал жактан медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Мындан тышкары эгерде өлкө аймагында вирус чыккан учур катталса саламаттык сактоо уюмдарында атайын палаталар даярдалды.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү короновирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө оюнча санитардык жана эпизоотияга каршы чараларды уюштуруу тууралуу биринчи кезектеги иш аракеттердин планын иштеп чыккан.

Кыргызской Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер