КЫТАЙ ӨКМӨТҮНӨН COVID-19 ДАРТЫНА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ ҮЧҮН ГУМАНИТАРДЫК ЖҮК КЕЛДИ

  • 08.04.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кытай Эл Республикасынан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн алынып келинген гуманитардык жүктү өткөрүп берүү аземи болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилованын, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэндин катышуусунда өттү.

Толук жана ыйгарым укуктуу элчи Ду Дэвэнь белгилегендей, Кытай Өкмөтүнөн келген гуманитардык жардамды өткөрүп берүү ал үчүн чоң сыймык.

«Короновирус инфекциясына каршы күрөшүүдө эки бир тууган эл бири-бирине көмөктөшүүгө кол сунууда. Бул ар тараптуу кыргыз-кытай стратегиялык мамилелеринин жогорку деңгээлинин ачык көрүнүшү», — деп билдирди Ду Дэвэнь.

Вице-премьер министр Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Жеке коргонуу каражаттары медициналык кызматкерлерге жана алгачкы медициналык-санитардык көмөк көрсөтүүчү жактарга бардык чакырыктарга ыкчам, коопсуз түрдө жооп кайтарууга жана коронавирустун жайылышына каршы турууга мүмкүндүк берет. Жеке коргонуу каражаттары медициналык мекемелерге жана чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттарына жөнөтүлөт», — деп белгиледи ал.

Вице-премьер министр белгилегендей, бүгүнкү күндө бүтүн дүйнө жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышына туш болду, республика боюнча бул дарттан жабыркагандардын саны 270 адамга жетип, анын ичинен 4 адам каза тапты.

«Абалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча мүмкүн болгон бардык чаралар кабыл алынууда. Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 25-мартынан тарта өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал киргизилген. Ал аркылуу өлкө жарандары үчүн чектөө чаралары киргизилиген, ошол эле учурда аталган чаралар аргасыздыктан кабыл алынгандыгын түшүнүү менен кабыл алуубуз зарыл, мунун бардыгы вирустун күчөшүнүн алдын алуу жана жарандардын ден-соолугун сактоо иретинде жасалууда. Биз бүгүнкү күндө дүйнөдө бир дагы адам аталган дарттан четте калуусуна кепилдик жок экендигин так түшүнүүбүз кажет. Ар бир адамдын ден-соолугу өзүнүн гана колунда экендигин туура түшүнсөк», — деди Аида Исмаилова. Буга байланыштуу ал өлкө жарандарын адистердин кеңешин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарын так аткарууга чакырды.

Маалымдама: Кыргыз Республикасына берилген гуманитардык жардамдарга төмөнкүлөр кирет: медициналык кызматкерлер үчүн жалпы суммасы 640 000 кытай юаны, же болжол менен 7 млн 690 миң сом эсептелген ПЧР-диагностикалоонун реагенттери, жеке коргонуу каражаттары (бир жолку комбинезондор, термометрлер, медициналык көз айнектер, кол каптар жана бахилалар).

Мындан мурда Кыргыз Республикасына COVID-19 дартын аныктоочу 21 000 даана экспресс-тесттер берилген.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер