КЫСКА МӨӨНӨТТӨ КЕСИПКЕ ЭЭ БОЛ!
- 23.10.2023
- 0
Талас мамлекеттик университетинин технология-экономикалык факультетинде Талас райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан берилген жолдомонун негизинде угуучуларды (калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүндө каттоодо турган жумушсуз жарандарды), «ПК оператору» кесиби боюнча кыска мөөнөттүк (2 айлык) кесиптик окутуу 2023-жылдын 10-октябрынан башталды. Азыркы учурда 20 угуучу катталган.
Талас мамлекеттик университетинин жана Талас райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен түзүлгөн келишимдин негизинде “ПК оператору” жана “1С бухгалтерия” кесиби боюнча кыска мөөнөттүк кесиптик окутуу жылда ишке ашып келет.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер