КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧАГА КЫЗЫГУУ ЗОР

  • 12.08.2022
  • 0

Өлкө боюнча 60 мектепке чейинки өнүктүрүү борборлорун түзүүгө 90го жакын арыз түшкөн.

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Окууунун негиздерин бекемдөө» долбоорунун адистеринин айтымында, балдарды эрте өнүктүрүү боюнча 60 борборго (3 сааттык кыска мөөнөттүү бала бакчалар) арыздарды кабыл алуу токтоду.
Колдогу маалыматтарга караганда, долбоор башталгандан бери министрликке жергиликтүү бийликтен 90го жакын кайрылуу түшкөн. Алардын ичинен: Баткен облусу 4; Жалал-Абад облусу – 19; Ош облусу – 12; Талас облусу – 16; Чүй облусу – 7; Ысык-Көл облусу – 20; Нарын облусу – 9.
Эми министрликтин алдында түзүлгөн атайын комиссия келип түшкөн документтердин толуктугун жана тандоо критерийлерине ылайык келүүсүн текшерет. Анын жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгарылат. Келип түшкөн арыздардын ичинен 60 арыз тандалып алынат.
Белгилей кетсек, мектепке чейинки өнүктүрүү борборлорун түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айыл өкмөтүнүн же мамлекеттин балансында турган пайдаланылбаган (авариялык эмес абалда) жайларды сунушташы керек болчу.
Мектепке чейинки балдарды өнүктүрүү борборлору республиканын бала бакчалар менен камтылышы өтө төмөн болгон алыскы аймактарында уюштурулат. Бул борборлор 3-5 жаштагы 3000ден ашуун баланы кабыл ала алат.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер