КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ АЛГАЧКЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

  • 29.03.2024
  • 0

Чүй облусунун Москва районундагы Спартак мектебинин базасында кыска мөөнөттүү бала бакча салтанаттуу ачылды. Бул райондо ачылууга даярдалып жаткан 16 бала бакчанын алгачкысы.

КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ АЛГАЧКЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Бала бакча эртең менен же түштөн кийин эки нөөмөттө келе турган 50 баланы кабыл алууга ылайыкталган. Бардык шарттар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында түзүлдү.

КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ АЛГАЧКЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Долбоор боюнча имараттарды оңдоого, терезелерди жана эшиктерди алмаштырууга, санитардык-гигиеналык шарттарды түзүүгө, ошондой эле балдар үчүн оюнчуктарды, эмеректерди жана өнүктүрүүчү куралдарды сатып алууга каражаттар каралган.

Кыска мөөнөттүү бала бакча үч сааттык программаны сунуштайт, мамлекеттик стандарттарга ылайык балдарды өнүктүрүүгө көңүл бурат. Болгону уктоо жана тамак берүү каралган эмес.

КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ АЛГАЧКЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

“Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлмөкчү. Анда үч жаштан алты жашка чейинки 40 миңге жакын бала мектепке чейинки билим берүү программасына катыша алат.

Жалпысынан Москва районунда мындай 16 бала бакча иштейт, калган мекемелердин ачылышы апрель айына белгиленген.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер