КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ 274 БАЛА БАКЧА ДАЯР

  • 30.08.2024
  • 0

Кыргызстанда ачылып жаткан кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын 274үндө оңдоп-түзөө иштери аяктап, бардык керектүү болгон жабдыктар менен жабдылды.

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борборун түзүп жатканы маалым. Ага 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейинки билим алууга тартылат.

Долбоор жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталган имараттарды, бөлмөлөрдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен санитардык-гигиеналык шарттарды түзөт. Андан тышкары, заманбап бакча үчүн керектүү болгон килем, оюнчук, эмерек, балдар үчүн өнүктүрүү куралдары, балдар аянтчасы, тарбиячылар үчүн колдонмолор сыяктуу бардык курал-жабдыктар менен камсыздайт.

Мындан сырткары, бул бакчаларда иштей турган 800дөн ашык тарбиячы “Балалык” программасы боюнча окутуудан өктөрүлдү.

Эскерте кетсек, кыска мөөнөттүү 560 бакчанын алгачкысы 2023-жылдын март айында ачылган. Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар үч саат болот. Бул убакыт аралыгында балдар өнүктүрүү программасына тартылат. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана үч сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер