КЫШЫ СОНУН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫШКЫ СПОРТ

  • 02.02.2024
  • 0

Кыргыздар лыжаны чаңгы деп аташып, кышкысын аң уулаганда же тоодон ылдый сыйгаланып түшкөндө ийри тактай менен зуулдап төмөн түшкөнү айрым тарыхый булактарда жазылып калган.

Ошентип жазма даректерге үңүлсөк, кыргыздар VI-IX кылымдарда эле чаңгы тебишкендиги белгиленет. XIII-XIV кылымдардагы көрүнүктүү тарыхчы Рашид-ад-Диндин летописинде кар үстүндө чаңгы, чана тээп, аңчылык кылгандыгы, эңкейиш өрдөн чебердик менен түшүп чыгышкандыгы айтылат.

КЫШЫ СОНУН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫШКЫ СПОРТ

                    Кышкы спортто азыноолак ийгиликтер болгон

Ал эми совет доордуна Кыргыз жергесинде лыжа жарыш мелдештери 1926-жылдан бери расмий өткөрүлүп келген. Бишкек, Каракол жана Нарын шаарларында лыжа ийримдери иштечү.

СССР деген держава ыдырап, Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону кышкы спортко таптакыр эле көңүл бурулбай калган. Соңку жылдары гана өлкө жетекчилеринин, жеке ишкерлердин демилгелери менен кайрадан жандана баштады.

1936-жылы Караколдо лыжа менен чуркоо боюнча Кыргызстандын биринчи чемпионаты өткөрүлгөн. 1936-жылы 6-январда Бишкектен (Фрунзе) Алматы, Москвага чейин лыжалык жүрүштөр уюштурулган.

1961-жылы Түндүк майрамына катышкан кыргызстандык Александр Попов 70 чакырым аралыкка лыжа жарышында байгелүү орунга жетип, «СССР спортунун чебери» деген наамга биринчи болуп арзыган. Ошондой эле кыргызстандыктар союздук мелдештерге, СССР элдеринин кышкы спартакиадаларына катышкан. Совет доорунда спорттун кышкы түрлөрү боюнча азыноолак ийгиликтер болгон.

Анан да мисалы, Нарындын Аламышык, Кызыл-Бел тоолорунда, Караколдо лыжа жарыштары боюнча өлкөнүн чемпионаттары өткөрүлүп турган. Дал ушундай аракеттердин натыйжасында нарындык Айымкан Стамакунова, Жылдыз Мундузбаева, Абдылда Калдыбаев, маркум Төлөн Насырбеков жана башкалар бир нече ирет өлкөнүн чемпиону аталган. Андан тышкары балдар арасында хоккей боюнча да «Алтын шайба» мелдеши өткөрүлүп турчу.

Учурда болсо жогоруда айткан лыжа спортунун деңгээли такыр эле төмөндөп кетип, соңку жылдары гана кайрадан кызыгуу башталды. Бул спорттун түрү боюнча Кыргызстанда саналуу гана машыктыруучу калды.

Кышкысын көпчүлүк мектептерде дене тарбия сабагында лыжа

тебүүнүн ыкмалары үйрөтүлүп, кыргызстандык мектеп окуучулары союздук

мелдештерге да катышып келишкен.

Эгемен өлкө болгондон бери лыжа спортунун деңгээли төмөндөп кеткени

өкүндүрөт. Шыпка чейин тизилген мектептердеги лыжалар эскирип, сынып,

сатылып жок болду. Учурда өлкө боюнча онго жетпеген кесипкөй машыктыруучу

калды. Анын төртөө Бишкекте, калган бешөө Нарын,Каракол жана Орловкада иштейт.

               Жакшы лыжанын баасы бир жылкыга барабар

Азыр жакшы лыжанын баасы бир жылкыга барабар. Карапайым калк болсо лыжа сатып алууга чамасы да жетпейт. Караколдогу тоо лыжа базасына капчыгы калың ишкерлер, чет өлкөлүк туристтер эле барбаса, колу жука жарандын түшүнө да кирбейт.

2022-жылы президент Садыр Жапаров Караколго барып, лыжа тээп, бул спортко көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруп койгон эле. Ошондой эле жаңы жылдык  куттуктоосун Орловкадагы лыжа базасында лыжа тээп келип айтканы дагы бул спортко болгон кызыгууну жаратты. 2022-жылы Бээжин кышкы олимпиадасынын ачылыш салтанатына да катышып, кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиленген.

Ал эми  “Каракол”, “Орловка”,“Чуңкурчак”, «Нооруз», «Оруусай», “Зил”, Тогуз-Булак” жана башкеа лыжа тебүү базалары соңку жылдары  жеке ишкерлердин киреше табуунун булагына айланып калган. Учурда өлкө аймагындагы кышкы лыжа базаларына барып, эс алууну каалагандардын саны арбыды.

Кыскасы, лыжа тебүү базалары капчыгы калың эс алуучулардын жайына айланып калды. Лыжаны бир күнгө арендага алсаңыз 600-1200 сом. Сноуборддун арендалык наркы – 600-1300 сомго барабар. Зым жолу менен жогору чыкканыңыз үчүн саатына 250-300 сом төлөөгө туура келет. Эгерде сизге ушул базанын спорт инструктору лыжа тебүү ыкмаларын бир-эки саат үйрөтсө, анда ага 500-800-1200 сом төлөп бересиз.

Хоккейчинин жабдууларынын, кийиминин баасы 100 миң сомго тете. Мыкты, жакшы адистердин көбү башка жактарга кетип, жыл өткөн сайын хоккей спорту көңүлдөн чыгып бараткан эле. Эми гана кайрадан жанданып, Хоккей боюнча 4-дивизиондогу командалар арасында дүйнө биринчилигине катышып, “Азия чакырык Кубогу” боюнча мелдештеринде байгелүү орундарды ээлей баштады.

            Кышкы спортту өнүктүрүү учур талабы

Учурда кышкы спортту өнүктүрүү учур талабы болуп калууда. Себеби, кышкы Азия оюндарынын жана кышкы олимпиада оюндарынын дүйнөлүк таасири артып баратат. Бизде болсо эгемен өлкө болгону Кыргызстандын атынан орусиялык же казакстандык легионер жалданма спортчулар Лиллехамер, Наган, Солт-Лейк-Сити, Турин шаарларында өткөн кышкы олимпиадаларга, Харбин, Кангвон, Аомори шаарларында өткөн кышкы Азия оюндарына катышып келишкен.

2006-жылы Италиянын Турин шаарында өткөн кышкы олимпиадалык оюндардан бери гана кыргызстандык спортчулар өнөрүн көрсөткөнү менен ийгилик жарата элек.

Мен спорт баяндамачы катары төрт кышкы олимпиада оюнун жеринен чагылдырдым. Алар: Солт-Лейк-Сити, Турин, Сочи жана Пхенчхан кышкы олимпиадалык оюндар. 2006-жылы Турин олимпиадасына барганымда, Өзбекстандын намысын коргоп барган жалгыз спортчусу, кыргыз жигити Кайрат Эрматов менен таанышып, тоо лыжасынын гигант слалом татаал түрүнөн мөрөй талашканына бир чети кубандым, бир чети өкүндүм.

Азия аймагында да кышкы спортту өнүктүрүүгө убакыт келип жетип, бул континенттеги бай өлкөлөрдүн спортчулары Европанын лыжа спорт базаларында машыгып жүрүшөт. Алар жолу алыс болгонуна карабай, ири өлчөмдөгү каражатты аренда үчүн төлөшөт. Коңшулаш Казакстан мамлекети кышкы Азия оюндарында Кытай, Япония өлкөлөрүнөн кийинки үчүнчү орунду ээлеп, кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө белсенип киришти.Мурдагы «Медеу» муз аренасын калыбына келтирип, дагы жаңы лыжа базаларын куруп жатышат.  Казакстан 2011-жылы кышкы Азия оюндарын өткөрүп, спорт имараттарын, базаларын куруп, кийин Бүткүл дүйнөлүк студенттердин кышкы Универсиада оюндарын дагы өткөрүп, тажрыйба топтоп алышты. Ал эмес Алматы шаары 2022-жылкы кышкы олимпиаданы өткөрүүгө талапкер болуп, Бээжинге 4 упай менен утулуп калганы да өкүндүрдү. Эгерде Алматыда кышкы олимпиада оюндары өтсө, анын шарапаты менен Кыргызстанда дагы кышкы спорт өнүгөт эле.

Мына ушул жагдайларды эске алсак, Бишкектин айланасындагы «Оруусай», «Чуңкурчак», «Чоң-Таш»,”Кашка-Суу”, “Тогуз-Булак”, “Зил”, жана «Нооруз» лыжа базаларына көңүл буруп, бул спорт тармагын өнүктүрүүгө мамлекет каражат бөлсө деген тилек. 2024-жылы өткөрүлүүгө белгиленген беш жүздөн ашык мелдеш, иш чаралардын ичинен кышкы спорттон беш-алты гана мелдеш белгиленгени да өкүндүрөт.

             Кыргыз кышы деген лыжа жарыштары уюштурулса…

КЫШЫ СОНУН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫШКЫ СПОРТ

Өлкөнүн лыжа спорт федерациясы жана дагы спорт уюмдары да мурда кагаз жүзүндө катталып иштебей келсе, соңку жылдары демилгелер башталып, хоккей спорту боюнча ийгиликтер жарала баштады. Азия чакырык кубогун утуп, кышкы Азия оюндарында экинчи дивизиондо алтын байгелүү болгондон бери хоккейге кызыгуу артып баратат.

Учурда президент Садыр Жапаров да сергелең жашоо ыңгайын жайылтууга аракет кылып, өзү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт Академиясынын бүтүрүүчүсү катары футбол ойноп, тоо лыжа тээп, кызыкканы менен бул спорттун өнүгүшүнө көпчүлүктүн көңүл бурдурууга аракет кылып жатканы жакшы саамалык.

Жыл сайын февраль айында бүткүл Орусия аймагында массалык лыжа жарыштары өткөрүлөт. Мамлекет башчылары, губернаторлорунан тартып бардык лыжа сүйүүчүлөр катыша алат. Жеңүүчүлөргө ири өлчөмдөгү акчалай сыйлыктар, жеңил автоунаа баш болгон баалуу белектер ыйгарылат.

Мындай саамалыктар кыргыз жергесинде болсо, «Кыргыз кышы» деп аталган лыжа боюнча массалык жарыштар уюштурулса гана дегиң келет экен. Кардын, кыштын, тоонун кадырын билбей, лыжа тебүүнүн рахатын сезбей жүрөбүз беребизби?

Чындыгында, Кыргызстандын жаратылышы, ак кар, көк музу спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүдө абдан ыңгайлуу. Айрыкча Нарын облусундагы узак кыш, Ысык-Көлдүн тоолуу аймагы, Чүй, Таластын, Оштун тектирлүү тоолору лыжа спортчуларына машыгууга мүмкүндүк берет. Кыш мезгилинде гана эмес, жаз жана жай айларында да ак кар, көк музу кетпеген мөңгүлүү аймактарда жыл бою лыжа тебүүгө шарт бар. Мындай жагдайды Орусиянын президенти Владимир Путин да байкап, мурда биргелешип лыжа базасын куруу демилгесин көтөргөн.

Бирок бул демилге Кыргызстандын ошол учурдагы жетекчилери тарабынан колдоого алынган эмес. Атүгүл өлкөгө келген чет элдик меймандар да кардан киреше таап, эл аралык лыжа базаларын куруу менен кар менен жаратылыштан пайда көрсө болоорун суктануу менен айтып жүрүшөт.

Кар көрүүгө зар болгон Азия мамлекеттеринин адистерин да Кыргызстанда биргелешип тоо лыжа базасын курууга тартса болчудай.

Кышкы спорт – ден соолукка өтө пайдалуу. Өлкөбүздүн мөңгүлөрүндө жыл бою лыжа тепсе болот. Бишкектин айланасындагы Аламүдүн муз төрүндө 6-7 ай лыжа тээп, машыккандар да бар.

 

Кыргыз мамлекетик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Саидин Азизбеков дем алыш күндөрү окуу жайдын Кой-Таштагы базасына келип эс алып, лыжа тепкендер арбын болуп калганын айтат.

-Биздин окуу жайда мурда лыжа спорту боюнча адис-машыктыруучулар даярдалчу. Эгемендик алгандан бери 1-2-курстун студенттеринен лыжа спорту боюнча курстук таанышуу сабактары гана өткөрүлүп, окуу-машыгуу бир жума гана болот. Үч эле мугалим калды. Тоо лыжасынын жабдууларынын кымбаттыгы кендирди кесип жатат. Ошентсе да спорттун бул тармагын өнүктүрүү учурдун талабы болуп турат, — деди ал.

 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 20дан ашуун кышкы тоо лыжа базасы бар, алардын болгону 16сы гана иштейт. Кышкы спорттун шарапаты менен өлкөдө туризм тармагы да өнүгөт эле.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер