КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ: ЖРТга ОНЛАЙН КАТТООНУН БҮТҮШҮНӨ 3 КҮН КАЛДЫ
- 25.10.2023
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 27-октябрга чейин жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.
Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга онлайн каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.
Эскертүү!
Кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТга катышуу орто билимге же кесиптик орто билимге ээ адамдарга уруксат берилет. Ал эми 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө (мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү (акыркы) курстарынын окуучуларына, жогорку окуу жайлардын студенттерине) уруксат берилбейт.
Каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер:
• Паспорт (паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
• Орто билим же кесиптик орто билим жөнүндөгү аттестат;
• ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;
• Талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.
Онлайн каттоо боюнча суроолор жаралса (0312, 0502, 0500, 0550, 0770) 66-48-38 номерлерине кайрылсаңыздар болот.
Комментарийлер