КЫШ МЕЗГИЛИНДЕ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН ЖОЛ КООПСУЗДУГУН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ КӨРҮЛӨТ

  • 06.11.2018
  • 0

Кыш мезгилинде мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун камсыздоо чаралары күчөтүлөт.  Бул тууралуу  вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова   автоунаа жолдоруна жакын жайгашкан мектептерде  окуучулардын жол коопсуздугун  алдын алуу жана камсыз кылууга арналган  кеңешмеде билдирди.

Кеңешмеде жол боюнда жайгашкан мектептерде окуучулардын коопсуздугун алдын алуу, коргоо иштеринде ата-энелерге  жардам көрсөтүү үчүн  ыктыярдуу кошундарды, волонтерлорду, студенттерди тартуу  маселелери каралды.

Вице-премьер-министр белгилегендей,  Билим берүү жана илим министрлиги  менен  Ички иштер министрлиги биргеликте 2018-жылдын 29-октябрында «Кыргыз Республикасында 2018-2019-жылдарга жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча  иш-чаралар планын бекитүү жөнүндөгү» Өкмөттүн токтому кабыл алынган.

  • Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мектепке жакын аймактагы кооптуу участкаларда жана жол кесилиштеринде белгиленген график менен нөөмөттө турушат. Ошондой эле балдардын  жол коопсуздугун сактоо жана коргоо ишине студенттерден турган ыктыярчылар  жардамга тартылууда. Мындай иш-аракеттердин натыйжасында  акыркы  тогуз айда жаш балдардын жана мектеп окуучуларынын катышуусундагы жол кырсыктары азайган, — деди Ички иштер министрлигинин  Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары   Нур Сатыбалдиев.

Кеңешменин жыйынтыгында Алтынай Өмүрбекова Билим берүү министрлигине мектеп окуучуларынын жол кыймылынын эрежелери жөнүндө маалымдуулугун арттыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Мындан тышкары ыктыярдуу топтор менен биргеликте соода түйүндөрүнө жакын жайгашкан аймактагы  мектептерде окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүүнү, ошондой эле калк арасында  жол кыймылы эрежелерин сактоо боюнча кеңири маалыматтык  түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер