КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОЖдорунун РЕКТОРЛОРУ ВЕНГРИЯДАГЫ ЭКИ ТАРАПТУУ ИШ-ЧАРАЛАРГА КАТЫШУУДА

  • 14.02.2023
  • 0

КР Президенти Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын бир нече ЖОЖдорунун ректорлору Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу иш-чараларга катышууда.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОЖдорунун РЕКТОРЛОРУ ВЕНГРИЯДАГЫ ЭКИ ТАРАПТУУ ИШ-ЧАРАЛАРГА КАТЫШУУДА

Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ректорлору Будапешт шаарындагы Этнография музейинде кыргыз буюмдарынын сүрөттөрүнүн көргөзмөсүнүн ачылышына катышышты.

Көргөзмөдө кыргыздардын улуттук өзгөчөлүгүн даңазалаган байыркы кийимдер, аксессуарлар, зергер буюмдар, музыкалык аспаптар жана башка буюмдар коюлган.

Аталган көргөзмө 2023-жылдын 19-февралына чейин уланат жана Будапешт шаарынын бардык коноктору жана тургундары үчүн жеткиликтүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер