КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА ОКУП ЖАТКАН ТАЖИКСТАНДЫН ЖАРАНДАРЫНЫН МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ

  • 21.09.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү буйругунун долбоору иштелип чыккан.

Буйруктун долбоору Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан, окууга тапшырган же окутуучу/мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстан Республикасынын жарандарына, анын ичинде этникалык кыргыздарга, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.

Ушул тапта буйруктун долбоору Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары менен макулдашылууда.

Тажик тарапка бул тууралуу эрте эле эскертилген.

Маалымат иретинде белгилей кетсек, 2020-2021-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында 2000 миңдей Тажикстандын жараны окуган.

КР БИМ басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер