КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАНА ӨЗБЕКСТАНДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН РЕКТОРЛОРУНУН ФОРУМУ ӨТӨТ

  • 29.09.2023

 

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАНА ӨЗБЕКСТАНДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН РЕКТОРЛОРУНУН ФОРУМУ ӨТӨТКыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы  дипломатиялык мамиленин 30 жылдыгына карата өткөрүлө турган иш чаралардын алкагында, 3-4-октябрь күндөрү тарыхый тамыры бир эки элдин ортосундагы бир туугандык мамилени өнүктүрүү максатында, биримдиктин алтын ордосу катары таанылган,  “Достук” ордендүү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында Кырыгызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун бииринчи эл аралык форуму уюштурулат.

Форумга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан 40 ректор, Өзбекстандын жогорку окуу жайларынан 40 жетекчи катышат. Мындан тышкары КРдин жана Өзбекстандын Билим берүү жана илим министрлери, Кыргызстандын Өзбекстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси, Өзбекстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси, КР мамлекеттик катчысы келип катышары күтүлүүдө. Эки күнгө созулган форумда эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери билим берүү жана илим изилдөө ж.б. багыттар боюнча эки тараптуу келишимдердин түзүлүшүнө мүмкүнчүлүк табышат.

Бөлүшүү