«КЫРГЫЗСТАНДЫН УНИВЕРСИТЕТТЕРИНИН ФИНАНСЫЛЫК АВТОНОМИЯСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ» ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДАГЫ ИШ

  • 01.02.2024
  • 0

Талас мамлекеттик университети  (DEFA)  «Кыргызстандын университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында иш  алып барып келет.

"КЫРГЫЗСТАНДЫН УНИВЕРСИТЕТТЕРИНИН ФИНАНСЫЛЫК АВТОНОМИЯСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ" ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДАГЫ ИШ

И.Раззаков атындагы КМТУла Көндүмдөрдү өнүктүрүү борбору ачылып, университеттердин финансылык автономиясынын модели талкууланды. Көндүмдөрдү өнүктүрүү борбору заманбап жабдуулар менен жабдылып бардык ЖОЖдор үчүн семинарлар жана тренингдер өтүү үчүн шартталган.

"КЫРГЫЗСТАНДЫН УНИВЕРСИТЕТТЕРИНИН ФИНАНСЫЛЫК АВТОНОМИЯСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ" ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДАГЫ ИШ

ТалМУнун ректору Ж.Шаршембиев жана DEFA долбоорунун ТалМУ боюнча координатору А.Нуралиева аталган иш-чарага катышты.

— ЖОЖдордун финансылык автономиясынын маселелери жана DEFA долбоорун ишке ашыруунун максаттары, милдеттери жана жасалган иштери жөнүндө маалымат таратуу талкууланды, — дейт ТалМУнун ректору Ж.Шаршембиев.

"КЫРГЫЗСТАНДЫН УНИВЕРСИТЕТТЕРИНИН ФИНАНСЫЛЫК АВТОНОМИЯСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ" ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДАГЫ ИШ

"КЫРГЫЗСТАНДЫН УНИВЕРСИТЕТТЕРИНИН ФИНАНСЫЛЫК АВТОНОМИЯСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ" ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДАГЫ ИШ

Бул иш-чарага Билим берүү жана илим министрликтеринин, Erasnus+ офисине өкүлдөрү, Кыргызстандагы ЖОЖдордун ректорлору катышты. Долбоордун менеджери Н.Омуров DEFA долбоорунун иш-аракеттери менен тааныштырып кенен маалымат берди. Андан сырткары долбоордун өнөктөштөрү болгон Италиянын Флоренция университетинин профессору Елена Гори дагы баяндама жасады. Катышуучулар  кызыккан суроолорго жооп алып, мындан ары да бул долбоордун ийгиликтүү  аяктап,  университеттердин өз алдынча болушу аларга өнүгүүгө чоң өбөлгө түзөөрүн белгилешти.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер