КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУҢГУЧ КОСМОНАВТЫ САЛИЖАН ШАРИПОВ

  • 12.04.2024
  • 0

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУҢГУЧ КОСМОНАВТЫ САЛИЖАН ШАРИПОВ12-апрель – Космонавтика күнү. 1961-жылы ушул күнү советтик космонавт Юрий Гагарин биринчи болуп космоско учкан.

Кабарчыбыз  Кабыл Макешов кыргызстандык алгачкы космонавт, Россиянын жана Кыргызстандын Баатыры Салижан Шарипов тууралуу кызыктуу  фактыларды баяндайт.

 Балалык кыял. Дүйнөнүн 372, Россиянын 88, Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов 0964-жылы 24-августта Өзгөн шаарында жарык дүйнөгө келген. Көпчүлүк балдардай болуп бала чагында эле учкуч болууну кыялданчу. Орто мектепти аяктаган соң Россиянын Оренбург шаарындагы учкучтар окуу жайына тапшырган. Кийин иштеп жатканда космонавттарды даярдоо борборуна атайын комиссиянын текшерүүсүнөн өтүп өтүп, балалык кыялы орундалып космонавт болгон.

Асмандагы 950 саат. Армиядан кийин Россиянын Харьковдогу жогорку аскердик учкучтарды даярдоочу окуу жайында билим алып, 1987-жылы Борбор Азия аскердик аймагынын 716-авиациялык полкунда учкуч-инструктор болуп кызмат өтөп, ар түрдүү учактар менен 950 саат учкан. 1990-жылы Юрий Гагарин атындагы советтик космонавттарды даярдоо борборундагы отрядга тандалып, 7 жылдай атайын даярдыктан өткөн.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУҢГУЧ КОСМОНАВТЫ САЛИЖАН ШАРИПОВКосмоско сапар. 1994-жылы Москвадагы Мамлекеттик нефть жана газ академиясынын «Аэрокосмоэкология» факультетин бүткөн. 1997-жылы жайында АКШдан америкалык космос кораблинин бортунда атайын даярдыктан өтүп, 1998-жылы 22-январда «Endeavour» космос кемеси менен алгач ирет космос мейкиндигине учуп, Россиянын орбиталык «Мир» комплексине ийгиликтүү жалгашкан. Салижан космос мейкиндигинде 8 күн 19 саат 46 мүнөт 54 секунд болуп, 31-январда Жерге кайткан.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУҢГУЧ КОСМОНАВТЫ САЛИЖАН ШАРИПОВ Экинчи ирет космосто болуу бактысы. Ал 2004-жылдын 14-октябрында «Союз-ТМА-5» космостук кораблинин командири жана Эл аралык космостук станциянын 10-экспедициясынын бортинженери болуп, 192 күн, 19 саат 2 мүнөт космосто болгон. Эки ирет 10 мүнөттөн ачык космос мейкиндигинде жүргөн. 2005-жылдын 25-апрелинде Жерге аман-эсен кайтып келген.

 Ээлеген кызматтары. 2005-2006-жылдары АКШнын Хьюстон шаарындагы Джонсон атынданы космостук борборунда Юрий Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборунун атайын өкүлү болгон. Кийин Россиянын космонавттарды даярдоо борборунун командиринин орун басары кызматын аркалаган. Ошондой эле «Союз-ТМ-29» жана «Союз-ТМ-30» кораблдеринин экипажын алмаштыруучу командири да болгон. Учурду Россиядагы Юрий Алексеевич Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборунда жаштарга космос тууралуу үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, жаштарга билим берүүчү космостук борбордо жетекчилик кызматты аркалап келүүдө.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУҢГУЧ КОСМОНАВТЫ САЛИЖАН ШАРИПОВ Шарипов тасмада. Космонавт тууралуу 2012-жылы «Россия сыймыктаган мусулман» аттуу даректүү кино тасма тартылган. Андан кийин «Салижан Шариповдун жылдыздуу сааты» аттуу дагы бир тасма көрүүчүлөргө сунуш кылыган. Космостогу ийгиликтүү сапары үчүн Россия, АКШ, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик сыйлыктарына арзыган. 1998-жылы 3-февралда КР Баатыры, 2005-жылы 13-сентябрда РФ Баатыры деген ардак наамдарга татыктуу болгон.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУҢГУЧ КОСМОНАВТЫ САЛИЖАН ШАРИПОВҮй-бүлөсү. Салижан Шариповдун жубайы Насиба Мавлянова экономист болуп, Россиянын Сбербанкында иштейт. Кызы Нагира Москвадагы Эл аралык мамилелер университетинде билим алып, экономист кесибине ээ. Учурда кызы жолдошу менен АКШнын Хьюстон шаарында жашайт. Салижандын учурда эки небереси бар.  Уулу Жахангир ата жолун жолдоп, Бишкектеги И.Абдраимов атындагы учкучтар окуу жайын бүтүп, Кыргызстандын ”Тез жет” авиакомпаниясынын командир-учкучу болуп иштеп жүрөт.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУҢГУЧ КОСМОНАВТЫ САЛИЖАН ШАРИПОВСалижан спорт күйөрманы.  Бош убактысында футбол ойноп, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, өзүн ар дайым табында алып жүрүш үчүн спорт менен машыгып, сергек жашоого өзгөчө көңүл бурат.Шахмат дагы ойнойт.

Анын ысымы ыйгарылган. Ош шаарынданы 22-орто мектепке ысымы ыйгарылып, Өзгөн шаарындагы өзү окуган мектепке жана Араван районунданы мектептерге ысымы да берилген.  Ош облусундагы көчөлөргө аты коюлган. Ошондой эле Бишкек жанга  Ош шаарларынын ардактуу атуулу, Ош Мамлекеттик университетиинин ардактуу профессору.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУҢГУЧ КОСМОНАВТЫ САЛИЖАН ШАРИПОВАлгачкы космонавттын байгесине шахмат турнири.КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУҢГУЧ КОСМОНАВТЫ САЛИЖАН ШАРИПОВ

Бишкекте Бактыгүл Тиленбаева шахмат  борборунун демилгеси менен 12-апрелде Кыргызстандын алгачкы космонавты Салижан Шариповдун байгесине арналган өспүрүмдөр арасында шахмат Кубок турнири өткөрүлүп жатат. Мелдештин жеңүүчүлөр 14-апрелде аныкталат. Мелдештин ачылыш салтанатына Салижан Шарипов өзү катышууга убадасын берип,жеңүүчүлөргө байгелерди өзү тапшырмакчы.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУҢГУЧ КОСМОНАВТЫ САЛИЖАН ШАРИПОВКыргыз Республикасынын Эл баатыры, космонавт Салижан Шарипов менен жолуканымда, ал мындай деген эле.

— Космонавт болуу үчүн, биринчиден, ден-соолукту чыңдаш керек. Анткени саламаттыгы мыкты адам гана космоско учат. Экинчиден, көп окуп, билим алуу зарыл. Бардык илимдерден түшүнүгү болушу зарыл. Астрономия, медицина, астрофизика, геофизика, биология, бардык илимдер боюнча билимдүү болушу шарт. Космосто фундаменталдуу изилдөө иштерин жүргүзүп келдик. Бул эксперменттер адамзат үчүн жаңы билим тармактарына жол ачат.  Ачык космоско баары эле чыга бербейт. 500дөн ашык космоско учкан адамдан 100дөй адам гана ачык космоско чыккан. Мен эки ирет ачык космос мейкиндигине чыктым. Кеменин терезесинен  жерди кароо башкача, ал эми ачык космостон жер планетасын көрүү өзүнчө эле айтып бүткүс керемет, сүрөттөн көрүү башкача, өз көзүң менен биздин планетаны көрүү өзгөчө эсте калаарлык сезим. Жада калса Ысык-Көлүбүз көрүнүп турат. Ысык-Көл жердин жылмаюусундай, анткени адам чын жүрөктөн жылмайганда ооздун формасы көлүбүзгө окшош. Ал эрин сымал формада болгондуктан, ал дайыма ачык, тунук көл, бийик тоолор арасында жайгашкан жана бул албетте таасирдүү. Кыргызстан менин мекеним, космостон көп сүрөт, видеого тарттым, мунун баары менин архивимде сакталуу.

Президент болууну самаган адамды биринчи космоско учурсак, ал жерден баркын билет эле. Согуштар, чыр-чатактар болмок эмес.. 200 учкучтан мени тандап алуу үчүн 7-8 жыл даярдык көрдүм. Космоско Кыргызстандын желегин да алып бардым. Космос тууралуу абдан кенен айтуу үчүн абдан узак убакыт керек.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУҢГУЧ КОСМОНАВТЫ САЛИЖАН ШАРИПОВАзыр мен  Россиядагы Юрий Алексеевич Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборунда иштейм. Учурда борбордо космоско учкан бардык космонавттар окуудан жана машыгуулардан өтүп жатышат.  Ал эми активдүү учуу иши токтогондуктан, мен өзүм жаш космонавттарды окутуп даярдап жатам. Ошондой эле, ошол эле учурда мен жаштарга билим берүүчү космостук борборду жетектейм. Бизде чоң команда бар, жаштарга кесипке багыт берип жатабыз. Мектеп окуучуларын, студенттерди, жаш адистерди чакырабыз, албетте аларга космос, космонавттын кесиби, инженерлер жөнүндө кенен айтып беребиз-дейт  Кыргызстандын туңгуч космонавт Салижан Шарипов.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер