КЫРГЫЗСТАНДЫН СТУДЕНТТИК СОЮЗУ ИШИН ЖАНДАНДЫРАТ

  • 12.03.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын студенттик союзунун ишин кайрадан  жандандыруу демилгесин көтөрүп чыкты.  Мындай союз көп жыл мурун түзүлүп, бирок кийин ишмердиги токтоп калган.

 

СТУДЕНТТЕР — КООМДУН АКТИВДҮҮ ӨКҮЛДӨРҮ

КЫРГЫЗСТАНДЫН СТУДЕНТТИК СОЮЗУ ИШИН ЖАНДАНДЫРАТ

Министрлик студенттик союздун ишин жандандыруу менен активист студенттердин, жаштар уюмдарынын башын бириктирип, аларды жогорку билим берүү тармагында болуп жаткан реформаларга, коомдук жана мамлекеттик иштерге тартуу,  жарандык жоопкерчиликке тарбиялоо максатын көздөөдө. Чынында жаштар коомдун активдүү өкүлдөрү болуп саналышат. Алардын арасында прогрессивдүү,  идеяга бай, келечектен көптү үмүттөндүргөндөрү арбын. Андыктан жаштарды жеке министрликтин гана эмес, мамлекеттин алдына койгон максатына жетүүсүнө активдүү катыштырып, жигердүү жыйынтыктарды алууга болот.

 

  ЖАШТАР МЕНЕН ИШТЕШКЕН СТУДЕНТТИК КЕҢЕШТЕР ЖАНА ЖАШТАР БОРБОРЛОРУ

КЫРГЫЗСТАНДЫН СТУДЕНТТИК СОЮЗУ ИШИН ЖАНДАНДЫРАТ

Азыр жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын бардыгында  жаштар, студенттер менен иш алып барган түрдүү уюмдар, комитеттер, борборлор бар. Алар негизинен  жаштардын руханий, маданий, дене тарбиялык жактан өнүгүүсүнүн, окуудагы, эмгектеги, илимдеги, коомдук, мамлекеттик иштеги жөндөмдүүлүгүн ишке ашыруу, демилгелерди жүзөгө ашыруу,  бош убакытты пайдалуу өткөрүү жана чыгармачылык дараметин өнүктүрүү максатын көздөшөт.

 

Мисалы, Бишкек шаарындагы Музыкалык-педагогикалык колледжинде түзүлгөн жаштар кеңеши менен студенттик кеңеш биргеликте иштеп, окуу жайдын алдына койгон максат-милдеттерин аткарууда чоң күч болуп келет.

  • Биздин кеңеш 2017-жылы түзүлгөн. Анда 14 мүчө бар. Башкы милдетибиз — активист студенттерди чогултуп, колледждин ишмердүүлүгүн жүргүзүшүнө, билим сапатын жогорулатуусуна өз салымыбызды кошуу жана тартипти сактоо, таалим-тарбиялык иштерди уюштуруу, студент менен жетекчиликтин ортосунда алтын көпүрө болуп берүү. Жатакана жаштары коомдук бирикмеси да бар. Ушул бирикме, студенттик кеңеш менен биргеликте иш алып барабыз. Биздин ишибиз эртең менен эрте студенттердин кечигип келүүсүн көзөмөлдөөдөн башталат. Дебаттарды, семинарларды, ар кандай дем берүүчү жолугушууларды өткөрөбүз,  акысыз курстарды уюштуруп беребиз. Жыл башында томолой жетим же жарты жетимдердин тизмесин түзүп, профсоюз комитетине берип, ар кандай жеңилдетүүлөрдү алабыз. Айрымдарына жыл бою ашканадан акысыз тамактанууга же жатаканада акысыз жашоого уруксат алып беребиз, — дейт Жаштар кеңешинин төрайымы Курманкул кызы Мадина.

Бишкек автомобиль жол колледжинде дагы студенттер менен студенттик кеңеш иш алып барат. Ал эми Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде болсо жаштар борбору түзүлгөн. Ал борбор факультеттердин активисттеринен түзүлгөн команда менен иштейт.

  • Биз маданиятка көбүрөк басым жасайбыз. Анткени маданиятсыз студент эч качан алдыга жыла албайт. Бир жакка барганда жөнөкөй эле эшикти чертип киргенди билбегендер бар. Ошондуктан чыгармачылык аркылуу студенттердин маданиятын көтөрүүгө аракет кылабыз. 20 жылдан бери “Уста” бий тобу, драмалык секция, дебат клуб иш алып барат. Учурда “Уста” бий тобунун 20 жылдыгын белгилөөгө даярданып жатабыз, — дейт борбор жетекчиси Абдрахманов Доорбек.

Кыргыз улуттук агрардык университетинин жаштар иштери боюнча комитети студенттер менен гана иштешпестен, окуу жайдын 35 жашка чейинки окутуучулары, магистранттары жана аспиранттары менен дагы тыгыз кызматташат.

  • Бизде билим берүү ишине гана эмес илимий иштерге дагы активдүү катышуу жакшы жолго коюлган. Жаштардын интеллектуладык деңгээлин көтөрүү үчүн атайын клубдар иш алып барат. Мисалы, “Дебат”, “Маданият”, “Кайрымдуу жаштар”, “Экология”, “Жаш талант”, “Спорт” клубдары аркылуу дайыма түрдүү иш-чаралар, акциялар, мелдештер өткөрүлүп турат, — дейт    комитеттин төрагасы Нурбек Асангазиев.

Бул уюмдар студенттер менен ар кыл темада байма-бай жыйындарды дагы өткөрүшүп, алардын проблемаларын угуп, алар тарабынан көтөрүлгөн маселелерди жеринде чечкенге,  үнүн жетекчиликке жеткиргенге, же маселени чечүү жолун көрсөтүп бергенге аракет кылышат.

  • Мисалы, бизге кандай студент кандай маселе менен кайрылбасын жеринде чечип бергенге болгон аракетибизди жумшайбыз. Керек болсо ректорду кийлигиштиребиз. Кээде студенттердин талабын аткарыш үчүн жетекчилик менен бирге окутуучуларын, кураторлорду алмаштырып бергенге чейин барабыз, — дешет активисттер.

 

 

ЖАШТАР ИШТЕШҮҮГӨ ДАЯР

КЫРГЫЗСТАНДЫН СТУДЕНТТИК СОЮЗУ ИШИН ЖАНДАНДЫРАТ

Бишкектеги жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын активисттери  министрликтин көтөрүп жаткан бул демилгесин ар тараптан колдошоорун билдиришти.

  • Чынында бизде эмнегедир окуу жайлардын студенттеринин башын бириктирген, ынтымагын чыңдаган эч кандай уюм жок экен. Айрым учурларда гана жождор аралык иш-чараларда же мелдештерде жүз көрүшпөсөк, бири-бирибизди деле тааныбайбыз. ЖОЖдор ортосунда дагы билинбеген атаандаштык, тирешүү бар.   Ошондуктан бизге азыр ушундай уюм абдан зарыл. Өзгөчө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырсак жакшы болмок, — дейт Бишкек мамлекеттик университетинин Студенттик кеңешинин башчысы Шабдан Бактыбек уулу.

Студенттердин айтымында, ынтымакты, биримдикти бекемдөө үчүн ириде жождор аралык спорттук, маданий-массалык иш-чараларды, интеллектуалдык оюндарды көбүрөк өткөрүп, студенттер менен алмашууну жандандырып, дем берүүчү жолугушууларды, семинар-тренингдерди көбүрөк өткөрүү зарыл.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер