КЫРГЫЗСТАНДЫН РУХАНИЙ ТУРМУШУНДА ӨЗГӨЧӨ МААНИГЕ ЭЭ БОЛГОН УЛУУ ОКУЯГА ДАЯРДЫК БАШТАЛДЫ
- 22.07.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында залкар жазуучу, гуманист, философ, дипломат жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин алгачкы жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө алдыда боло турган кылымдык мааракени жогорку деңгээлде уюштуруу, анын мазмундук багытын өркүндөтүү жана эл аралык маанисин арттыруу маселелери кеңири талкууланды. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракеси улуттук гана эмес, эл аралык деңгээлдеги маанилүү маданий окуя болуп саналарын баса белгилеп, бул мааракелик иш-чараны жогорку деңгээлде даярдап, өткөрүү зарылдыгына токтолду. Ошондой эле мааракени уюштурууга жооптуу министрликтерге, административдик ведомстволорго, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына иш-чаралар планында каралган тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну камсыз кылуу милдети коюлду.
Белгиленгендей, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракеси — бул улуу жазуучунун чыгармачылыгы аркылуу улуттук маданиятыбызды, тилибизди жана руханий мурасыбызды даңазалоонун эң башкы барагы.
Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев бекитилген иш-чаралар планынын алкагында бардык тиешелүү мамлекеттик органдар жана жооптуу түзүмдөр тарабынан системалуу, ыкчам жана үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүшү керектигин эскертип, иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан бардык аракеттер так жана координацияланган негизде жүргүзүлүшү зарыл экендигин белгиледи.
А.К., «КБ»
Комментарийлер