КЫРГЫЗСТАНДЫН ОКУУЧУЛАРЫ МАКЕДОНИЯ ОЛИМПИАДАСЫНДА 2 КҮМҮШ, 7 КОЛО МЕДАЛЬ АЛЫШТЫ

  • 29.12.2021
  • 0

Македония олимпиадасы (FMC) бул жылы дагы дистанттык форматта болду. Анда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 700дөн ашуун окуучу таймашты. Математика боюнча олимпиадага Кыргызстандан 30 окуучу катышып, төмөндөгүдөй жыйынтыкка ээ болушту:

  1. Тилек Аскербеков, Чынгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи – күмүш медаль,
  2. Фёдор Корнияш, Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи – күмүш медаль,
  3. Эльдар Искандеров, «Газпром Кыргызстан» мектеби – коло медаль,
  4. Нурсултан Эшперов, «Газпром Кыргызстан» мектеби – коло медаль,
  5. Сейит Рыскулов, «Газпром Кыргызстан» мектеби» – коло медаль,
  6. Абдумалик Турсунов, Келечек MIT – коло медаль,
  7. Темирлан Бакыжанов, Чынгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи – коло медаль,
  8. Бахтиёр Абдуллаев, Кадамжай «Семетей» лицейи – коло медаль,
  9. Азирет Акматбек уулу, Чынгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи – коло медаль.

Олимпиадага окуучуларды «Газпром Кыргызстан» мектебинин жана Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин математика мугалими Мамат Ишматов жана Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров даярдаган.

FMC олимпиадасы ар жылы Македония математикалык ассоциациясы тарабынан уюштурулуп келет.

КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер