КЫРГЫЗСТАНДЫН ОКУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК МАТЕМАТИКА ОЛИМПИАДАСЫНАН 6 МЕДАЛЬ ЖЕҢИП КЕЛИШТИ

  • 17.04.2026
  • 0

Кыргызстандык окуучулар Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн III Эл аралык математика олимпиадасында ийгиликтүү катышып, өлкө куржунуна 6 медаль алып келишти. Эл аралык билим таймашы 2026-жылдын 8-апрелинен 13-апрелине чейин өтүп, ага дүйнөнүн 12 мамлекетинен тандалган 198 окуучу катышты.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ОКУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК МАТЕМАТИКА ОЛИМПИАДАСЫНАН 6 МЕДАЛЬ ЖЕҢИП КЕЛИШТИ

Кыргызстандын намысын коргоо үчүн олимпиадага 23 окуучу жөнөтүлүп, алардын алтоо байгелүү орундарды камсыздай алды. Жыйынтыгында бир алтын, бир күмүш жана төрт коло медаль жеңип алышты.

Алтын медалга 10-класстын окуучусу, Купуев академиясынын өкүлү Шакиралиев Адилет татыды. Ошол эле окуу жайдын 8-классынын окуучусу Иметов Алманбет коло медаль жеңди. Алардын машыктыруучусу — Абдураимов Шумкарбек.

Күмүш медалды 7-класстын окуучусу, “Газпром – Кыргызстан” мектебинин өкүлү Яголковский Артём багындырды.

Мындан тышкары коло медалдарды “Акылман” Президенттик мектебинин 10-классынын окуучусу Мухаматнабиева Нурайым, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин “Айчүрөк” лицейинин окуучусу Мамарасулова Сайкал жана “Курманбек Баатыр атындагы лицейдин” окуучусу Нурмаматов Тилек жеңип алышты. Бул окуучулардын машыктыруучулары — Ишматов Махамадхан, Жолдубай уулу Бекжол жана Байбаев Суусарбек.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги эл аралык аренада өлкө намысын татыктуу коргогон окуучуларды, алардын мугалимдерин жана ата-энелерин куттуктап, бул жеңиш жаш муундун билимге умтулуусунун жана сапаттуу даярдыктын жыйынтыгы экенин белгиледи.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер