КЫРГЫЗСТАНДЫН МЫКТЫ СТУДЕНТИ

  • 11.10.2021
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтунун 4- курсунун студенти Акбермет Кайыпбек кызы Казакстандын “Бобек” улуттук кыймылы” тарабынан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин илимий жана билим берүү мекемелеринин арасында уюштурулган «I эл аралык китеп басылмасы» жана «Мыкты жаш илимпоздор — 2021» долбоорунда жеңүүчү аталып, Кыргызстандын мыкты студенти аталып, диплом жана медаль менен сыйланды.

КЫРГЫЗСТАНДЫН МЫКТЫ СТУДЕНТИ

Бул долбоорго Кыргызстандан миңге жакын талапкер катышкан. Арасынан эң мыкты деп табылгандардын эмгектери КМШнын жаш окумуштууларынын эл аралык китеп коллекциясына киргизилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер