КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТЕРИНЕ ОРУС ТИЛИ БОЮНЧА 671 МИҢ ОКУУ КИТЕБИ ЖЕТКИРИЛЕТ

  • 13.08.2026
  • 0

Бүгүн, 13-августта, Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн келген окуу китептерин кабыл алуу-өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өттү. Китептер сакталган кампада өткөн бул салтанатка КР Агартуу министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин директору Төлөгөн Аматов жана “Моя история” фондунун Эл аралык кызматташтык департаментинин жетекчисинин орун басары Павел Гнидин катышты. КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТЕРИНЕ ОРУС ТИЛИ БОЮНЧА 671 МИҢ ОКУУ КИТЕБИ ЖЕТКИРИЛЕТИш-чаранын алкагында өлкөбүзгө 1-, 2- жана 5-класстын окуучулары үчүн “Орус тили жана окуу” предмети боюнча жалпы нускасы 671 миң даананы түзгөн адаптацияланган жаңы окуу китептери жеткирилди. Белгилей кетсек, бул китептер Кыргызстандын жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттарынын, билим берүү программаларынын негизинде эки өлкөнүн басма үйлөрүнүн биргелешкен аракети менен кылдат даярдалган. Жаңы окуу жылында бул адабияттар кыргыз жана орус тилдеринде билим берген мектептердин 1-, 2- жана 5-класстарынын окуучуларынын “Орус тили жана окуу” предмети боюнча окуу китептерине болгон муктаждыгын толук камсыздай алат.КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТЕРИНЕ ОРУС ТИЛИ БОЮНЧА 671 МИҢ ОКУУ КИТЕБИ ЖЕТКИРИЛЕТЭки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган бул маанилүү долбоор Кыргызстан менен Россиянын Агартуу министрликтеринин колдоосу алдында ишке ашууда. Долбоорду өнүктүрүү жана ишке ашыруу жоопкерчилиги «Моя история» гуманитардык илимдерди колдоо фондуна жана «Просвещение» басмасына жүктөлгөн. Алдыдагы жакынкы күндөрү бул окуу китептери Кыргызстандын бардык райондорундагы жана шаарларындагы мектептерге толугу менен таратылып берилет.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер