КЫРГЫЗСТАНДЫН КУРАМА КОМАНДАСЫ БАЛКАН МАТЕМАТИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНДА 2 КОЛО МЕДАЛЬ ЖАНА АРДАК ГРАМОТА ЖЕҢИП АЛДЫ
- 24.06.2026
- 0
Кыргызстандын мектеп окуучулары эл аралык аренада кезектеги чоң ийгиликке жетишип, өлкө намысын бийик коргошту. Атап айтканда, биздин өспүрүмдөр курама командасы ушул жылдын 15–20-июнь күндөрү Румыниянын Бузэу шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы 30-балкан математикалык олимпиадасында (Junior Balkan Mathematical Olympiad, JBMO) 2 коло медаль жана 1 ардак грамота жеңип алышты. Дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн эң күчтүү деген 138 окуучу катышкан бул абройлуу билим таймашында кыргызстандык жаш математиктер өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтө алышты. Билим берүүдөгү интеллектуалдык жарыштын жыйынтыгында, Бишкек шаарындагы «Маариф» билим берүү комплексинин 8-классынын окуучусу Нурмухаммед Жаратов жана «Газпром Кыргызстан» мектебинин 7-классынын окуучусу Артем Яголковский коло медалга татыктуу болушту. Ал эми Чолпон-Ата шаарындагы «Акылман» президенттик лицейинин 8-классынын окуучусу Алихан Ахунбоев уюштуруучулардын ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлык ээлеринен тышкары, өлкөбүздүн намысын Бишкек шаарындагы №61 орто мектептин 8-классынын окуучулары Артык Турганбеков менен Бекжан Камчыбеков, ошондой эле “Келечек лидерлер мектебинин” 8-классынын окуучусу Сапар Исаков да татыктуу коргошту.

Жаш таланттардын мындай ийгиликке жетишине алардын мугалимдери менен насаатчыларынын кошкон салымы чоң. Курама команданы олимпиадага жетекчилер Эрлан Молдошев менен Бактияр Сарчаев баштап барышса, ал эми окуучуларды бул деңгээлге жеткирүүдө машыктыруучулар Мамат Ишматов менен Бекжол Жолдубай уулунун эмгеги зор болду. Белгилей кетсек, бул жолку улуттук курама команда мектеп окуучуларынын улуттук олимпиадасынын жана атактуу Эйлер атындагы олимпиаданын жыйынтыктарынын негизинде эң күчтүүлөрдөн тандалып түзүлгөн. Өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасы 1997-жылдан бери жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келет. Ал эми Кыргыз Республикасы бул дүйнөлүк билим таймашына 2015-жылдан тартып үзгүлтүксүз катышып, жылдан жылга өзүнүн көрсөткүчтөрүн жакшыртып келе жатат.
Комментарийлер