“КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИ БАЛДАРДА”

  • 01.09.2020
  • 0

“Кыргызстандын келечеги балдарда!” республикалык бий марафонунун

ЖОБОСУ

 Бардык калоочуларды “Кыргызстандын келечеги балдарда!” республикалык бий марафонуна  катышууга чакырабыз. Бий марафону  Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын бийлеген бий коллективдеринин   арасында өткөрүлөт, бийлеген  видео сүйүктүү Кыргызстаныбыздын  жаратылышында  тартылышы шарт.

Кайсы кесиптин ээси, кандай кызматты ээлебесин, жаш курагына, үй-бүлөлүк статусуна  карабастан,  азыркы убакта бардыгы сергек жашоого умтулушуп, коммуникабелдүү, сулуу, келишимдүү болуу  азыркы замандын талабы экендиги бардыгыбызга  маалым.  Ошондуктан көптөгөн адамдар бийлегенди  тандоодо.  Бий менен алектенген адамга, ден соолугуна пайдалуу  физикалык көнүгүүлөрдү кайталоо гана эмес, бий алар үчүн, керемет, ачык-айкын, кызыктуу окуяларга бай жашоосу.

Бий  марафону  бий коллективдеринин  деңгээлин  көтөрүү, аларды колдоо иретинде КР Билим берүү жана илим  министрлигинин колдоосу менен Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору  өткөрөт.

“Кыргызстандын  келечеги балдарда!” бий коллективдеринин марафону  2020 –жылдын 26-августунан 1-сентябрына чейин.

Марафондун максаты:   өлкөбүздүн келечеги болгон  жаш муун  аркылуу, Кыргызстанда жашаган ар улуттун, өлкөбүздүн  маданиятынын көп кырдуу  бай экендигин, улуттардын маданиятына  өтө кылдат, сый  мамиле  жасоого, адамзаттын индивидуалдуулугун көрсөтүү менен бирге,  бардык аудиторияга түшүнүктүү  болгон ачык, так, жандуу  кыймыл аракет менен, адамдардын арасында толеранттык  мамилени  үгүттөөнү бий аркылуу   көрсөтүү.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн  бийлерин  популяризациялоо менен бирге, балдардын коллективдеринин билим жана тарбия маселелерине коомдун көңүлүн буруу, жаңы жаш, таланттуу бийчилерди алып чыгып, алардын кийинки өсүүсүнө  жардам берүү.

Милдеттери:

  • Элдик бийлерди жайылтуу менен бирге аларды өстүрүү, өсүп келе жаткан муунду эстетикалык тарбиялоодо  анын басымы жогору экендигин эске алуу;
  • сергек жашоону пропагандалоо;
  • хореографиялык чыгармачылыктын бардык жанрын пропагандалоо жана жайылтуу – бул жашоонун активдүү позициясы экендигин билүү;
  • Кыргызстанда жашаган элдердин бийлөө традицияларын сактоо;
  • Хореографиялык искусстводогу өз алдынча түзүлгөн коллективдерди өстүрүү;
  • Хореографиялык коллективдердин аткаруучулук жана сахналык чыгармачылыгын өстүрүү;
  • Хореографиялык чыгармачылыкта тажрыйба алмашууну жүргүзүү.

Бийлер, Кыргызстандын жараталышында (фон кылып),  сахналык костюмдар менен тартылышы керек. Видеого тартылган бийлер группалык топ менен, же жалгыз бийчи аркылуу тартылышы  шарт.

Сахналык  костюмдарды   кийип тартылуу  бирден бир шарты болуп эсептелбейт, бирок костюмдарды кийүү  колдоого татыктуу.

Бий номерлерди аткаруу  2-3 минутадан ашпашы керек.

Кыргыз  бийин  бийлегендерге басым жасалат.

Биз бардык каалоочуларды өз  таланттарын, өз чыгармачылыгын көрсөтүүгө чакырабыз.

Бийлер бул багыттар — классикалык, элдик, заманбап, балдык  бий аркылуу көрсөтүлөт..

Эске алынат:

  1. Музыкалык материал, актердук аткаруучулук , бийди аткаруу техникасы;
  2. Бийди аткарууда костюм чоң ролду ойнойт;
  3. Бийдеги композиция жана бийдин сүрөтү.

Жаш курагы:

  • майда топ – 6-10 жаш;
  • орто топ – 11-14 жаш;
  • жогорку топ – 15-18 жаш.

Марафондун катышуучулары, 1-, 2-, 3-даражадагы электрондук диплом, сертификаттар менен сыйланышат.

Катышуучулардын эң жакшы видеолору сайтка жайгаштырылат.

Видеолорду бул почтага жөнөтсөңүздөр болот:[email protected], nadejda. cmc

Же ватсап номерге: 0551727269, 0555769672

Бөлүшүү

Комментарийлер