КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИ БАЛДАРДА!
- 15.09.2020
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору менен биргеликте «Менин сүйүктүү Кыргызстаным» онлайн-акциясынын алкагында 2020-жылдын 26-августунан 1-сентябрына чейин өткөн “Кыргызстандын келечеги балдарда!” бий боюнча онлайн-марафону жыйынтыкталды.
“Кыргызстандын келечеги балдарда!” онлайн бий марафону Кыргызстандын бардык облустарынын жалпы билим берүүчү орто мектептеринин, мектеп гимназияларынын, мектептен тышкаркы мекемелеринин окуучуларынын арасында өттү.
— Бий марафонунун максаты — бий коллективдеринин деңгээлин көтөрүү, аларды колдоо иретинде, өлкөбүздүн келечеги болгон жаш муун аркылуу Кыргызстанда жашаган ар улуттун, өлкөбүздүн маданиятынын көп кырдуу бай экендигин, улуттардын маданиятына өтө кылдат, сый мамиле жасоого, адамзаттын индивидуалдуулугун көрсөтүү менен бирге, бардык аудиторияга түшүнүктүү болгон ачык, так, жандуу кыймыл аракет менен, адамдардын арасында толеранттык мамилени үгүттөөнү бий аркылуу көрсөтүүнү көздөйт. Жаңы жаш, таланттуу бийчилерди алып чыгып, алардын кийинки өсүүсүнө жардам берүү, — дейт «Сейтек» борборунун директору С.Челпакова. — Ошондой эле анын милдеттери — элдик бийлерди жайылтуу менен бирге аларды өстүрүү, өсүп келе жаткан муунду эстетикалык тарбиялоодо анын басымы жогору экендигин эске алуу менен бирге сергек жашоону үгүттөп, Кыргызстанда жашаган элдердин бийлөө салттарын сактап, хореографиялык искусстводогу өз алдынча түзүлгөн коллективдерди өстүрүп өнүктүрүү.
Борбордун электрондук почтасына, WhatsApp номерлерине жети дубандын ар кайсы райондорунан бий тартылган видеоматериалдар жиберилген.
— Бийлер, Кыргызстандын жараталышында (фон кылып), сахналык костюмдар менен, видеого тартылган бийлер группалык топ менен, же жеке бийчи аркылуу тартылышы шарт эле. Сахналык костюмдарды кийип тартылуу бирден бир шарты болуп эсептелбей, бирок костюмдарды кийүү колдоого татыктуу болгон. Кыска убакыттын ичинде бул бий марафонуна 300дөн ашуун окуучулардан видеоматериалдар келип түштү. Бардык катышкан кыздар, балдарга, алардын ата-энелерине ыраазычылык айтып кеткибиз келет, — дейт директор.
Таланттуу балдар таймашы жыйынтыкталып, татыктуулар аныкталды. Бул таймаш аркылуу балдарды Кыргызстанда жашаган ар улуттун маданиятына аяр мамиле жасап, алардын каада-салтына урмат-сый мамиле жасоого үйрөтүү, эстетикалык тарбиялоодо балага музыка, искусство жаатына жол ачып, окуучулардын турмуш жолуна бир түрткү болооруна ишеним бар.
Бий марафонунун жеңүүчүлөрү 1-, 2-, 3-даражадагы дипломдордун ээси болушту.
ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮН ТИЗМЕСИ
1-орун
№ | Аты- жөнү | Бийдин аталышы | Облусу, дареги | Жашы | Байланыш тел. | Ээлеген орундар |
1 | “Таң чолпону” өспүрүм балдардын окуу чыгармачылык борбору, Сокулук р., Чүй обл. | Бий мерген | 14-15 ж. | 0705223386 | 1-орун | |
2 | «Келечек» бий ансамбли | Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык балдар чыгармачылык үйү | 1-орун | |||
3 | «Кана Дэнс» ансамбли | Кара-Балта ш., Жайыл району | 0555345969 | 1-орун | ||
4 | «Таэлия» элдик бий ансамбли, Келечек БЧБ | Казак бийи | Ош шаары | 1-орун | ||
5 | “Дилгир” элдик бий ансамбли | Кыргыз жолу | Бишкек шаары | 11-14 ж. | 1-орун | |
6 | Сүйүнүч к.Аймырза | Оп майда | Талас облусу, Кара-Буура ББББ | 15 ж. | 0709250236 | 1-орун |
7 | Абдылдаева Айдай -Аsia style бий тобу | кырг.бий | Ысык-Көл райондук “Жаш Кыял” БЧҮ | 16 ж. | 0702174174 | 1-орун |
8 | Маматраимова Айжан | кырг. бийи | Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр ш., №2 жалпы билим берүү орто мект. | 16 ж. | 0773434081 | 1-орун |
9 | Муратбекова Арууке | Өмүр бий | Жалал-Абад шаары | 15 ж. | 0779262428 | 1-орун |
10 | Кубанычбек кызы Сузанна | Нарын облусу, Нарын району Эмгек-Талаа айылы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектеп | 10-кл. | 1-орун | ||
11 | Токтонова Айгерим Ариет ансамбли | кырг. бий | Бишкек шаары | 13 ж. | 1-орун | |
12 | Токтасинова Айбийке | кырг. бий | Жалал-Абад, «Ариет» БЧБ, | 13 ж. | 0755606082 | 1-орун |
2-орун
3-орун:
№ | Аты- жөнү | Бийдин аталышы | Облусу, дареги | Жашы | Байланыш тел. | Ээлеген орундар |
1 | Октябрь райондук БЧБ, “Валери” группасы | Сардал кыз, группа | Бишкек шаары | 6-10 жаш кичи топ | 0700526591 | 3-орун |
2 | Аsia style бий тобу | Миң кыял | Ысык-Көл райондук “Жаш Кыял” БЧҮ | 14-15 ж. | 0702174174 | 3-орун |
3 | Карабекова Назми | Ой комузчу | Талас облусу, Манас райондук БББ | 12 ж. | 0773116795 | 3-орун |
4 | Муратова Ажара | Көчмөндөр бийи | Ысык-Көл облусу, Ак-Суу р-ну, М.Мамакеев ат.гимн.мект. | 12 ж. | 0700354513 | 3-орун |
5 | “Ассоль” элдик бий ансамбли | Плясуха кырг. бийи | Бишкек шаары, Биринчи май райондук БЧБ | 3-орун | ||
6 | Жалилова Бегимай | Ош облусу, Араван р-ну | 15 ж. | 0773410704 | 3-орун | |
7 | “Асыл таң” бий студиясы | танец Ырайым | Чүй облусу, Ысык-Ата р-ну | 15-18 ж. | 0558355255 | 3-орун |
8 | Молдобекова Төрайым | Жалал-Абад облусу, Токтогул р-ну. | 8-кл. | 3-орун | ||
9 | “Келечек” БЧБ, “Нур” ансамбли | Алтынчы күнү кечинде | Ош шаары | 3-орун |
— Калган окуучулардын бардыгы активдүү катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланышат. Катышуучулардын тизмеси менен, жеңүүчүлөрдүн тизмесин, грамота, дипломдорду “Сейтек” борборунун сайтынан алсаңыздар болот. Жаңы окуу жылы башталды, онлайн тартибине карабастан, бардык окуучуларга, эжей-агайларына ийгилик каалап, ден соолуктарынын чың болушун тилейбиз, — дейт «Сейтек» борборунун директорунун орун басары Ира Балтабаева.
Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»
Комментарийлер