ОШТУ ӨЗБЕКСТАНДЫН ИЛИМИЙ ИНСТИТУТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 30.08.2023
  • 0

ОшТУнун окумуштуулары Өзбекстан күрүч изилдөө илимий институту тарабынан өткөрүлгөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келди. Бул тууралуу ОшТУнун басма сөз кызматы кабарлады.

Конференциянын жүрүшүндө ОшТУ менен Өзбекстан күрүч изилдөө илимий институту менен илимий багытта кызматташуу келишимине кол коюлду жана Россия, Кытай жана Индия өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар менен тыгыз кызматташуу боюнча макулдашылды.

ОШТУ ӨЗБЕКСТАНДЫН ИЛИМИЙ ИНСТИТУТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Учурда айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Э.А.Смаилов жетекчилигиндеги ОшТУнун окумуштуулары Германиянын Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан каржыланып жаткан Түштүк Кыргызстандын шартында күрүчтү жыйнагандан кийин кайра иштетүүнүн жаңы технологиясын иштеп чыгуу жана практикада колдонуу” долбоорун ишке ашырып жатат.

ОШТУ ӨЗБЕКСТАНДЫН ИЛИМИЙ ИНСТИТУТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Долбоордун негизги максаты — азык-түлүк коопсуздугу алдын-алуу жана Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн даңазалоо болуп саналат.

Долбоордун жыйынтыгында күрүчтүн сапаты жогорулатылып, Кыргызстандын өсүмдүгү бренд катары экспортко чыгарылмакчы.

А.Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер