Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Дүйнө чемпионатына даярдык көрүп жатышат
- 17.08.2023
- 0
Дене тарбия жана спорт департаменти Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына даярдык көрүп жатышканын билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, машыгуу жыйыны 9-августтан 23-августка чейин Россиянын Владикавказ шаарында өтүп жатат.
Курама команданын тизмеси:
— 60 кг Жоламан Шаршенбеков;
— 67 кг Амантур Исмаилов;
— 67 кг Раззак Бейшекеев;
— 77 кг Акжол Махмудов;
— 87 кг Атабек Азисбеков;
— 87 кг Азат Самидинов;
— 97 кг Үзүр Жусупбеков;
— 97 кг Бексултан Махмудов;
— 130 кг Роман Ким.
Курама команданын машыктыруучулары:
— Улукбек Карачолоков — улук машыктыруучу;
— Азат Эркинбаев – башкы машыктыруучу.
Бөлүшүү
Комментарийлер