КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМИ СОЛТОНКУЛОВ МЫРЗАБЕК ДҮЙНӨ САЛДЫ

  • 06.06.2018
  • 1

2018-жылы  5-июнда Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек орто мектебинин директору, Кыргызстандын эмгек синирген мугалими Солтонкулов Мырзабек мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМИ СОЛТОНКУЛОВ МЫРЗАБЕК ДҮЙНӨ САЛДЫ

       Солтонкулов Мырзабек Дүйшеевич 1953- жылы 10- декабрда Нарын районунун Куйбышев айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Улуту кыргыз, билими жогорку.

      Миң — Булак айылындагы Актан Тыныбек атындагы орто мектепти 1971-жылы бүтүргөн. 1971- 1976-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин механико- математикалык факультетинде окуп, математика мугалим адистигин алган.

        Эмгек жолун 1976-жылы Нарын районундагы Оттук орто мектебинде математика мугалими болуп иштөөдөн баштаган. 1976-1981- жылдары мугалим, мектептин комсомол уюмунун, элдик контролдоо комитетинин секретары. 1981-1982- жылдары  окуу бөлүмүнүн башчысы.

        1982-1985- жылдары Миң-Булак орто мектебинде директор, 1985-1986- жылдары Тянь-Шань райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн инструктору. 1986-1987- жылдары райондук билим берүү бөлүмүндө методист, Миң-Булак орто мектебинде алгачкы аскердик даярдык боюнча мугалим.

       1987-1989-жылдары Оттук орто мектебинде математика мугалими, 1989-1996- жылдары окуу бөлүмүнүн башчысы, мугалим. 1996- жылдын октябрь айынан бери Түгөл уулу Усупбек атындагы Оттук орто мектебинде директор болуп үзүрлүү иштеп келе жаткан.

      М. Солтонкуловдун жетекчилиги алдында Оттук орто мектеби Нарын облустук “Намыс” программасынын алкагындагы кароо — сынакта 1999- жылы 3- орунга, 2000-жылы 1- орунга ээ болгон.

     2000-жылы республикалык “Шайыр окуучулар клубу” кароо-сынагына катышып,  республикада 2- орунду ээлеген.

      Мектепте 1987- 1988- окуу жылынан 2007-2008-окуу жылына чейин 38 медалист: 12 алтын, 9 күмүш, 17 артыкчылык аттестат менен бүткөндөр бар.

       “Сорос-Кыргызстан” фонду, ЮНИСЕФ, “Мерсико”, “Ага-хан” сыяктуу эл аралык уюмдар менен тыгыз иштеп, мектептин материалдык базасын чыңдоого көп каражат тартылган.

2007- жылы Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин  II съездинин делегаты. Окуучулары райондук, облустук, республикалык олимпиадада алдыңкы орундарды камсыз кылып келген.

       2015- жылы “Манас таануу”  интеллектуалдык таймашта мектептин окуучулары   республикада баш байгени, 2017- жылы республикада   2- орунду ээлешкен.

2013- 2017 — жылдар аралыгында “Алтын тамга”  артыкчылык аттестатына жети окуучу ээ  болгон.

“Арис”, “Таза суу” коомдук бирикмелерин жетектеген.

      1982- 1986- жылдары Миң-Булак айылдык кеңешинин, 2000-2004, 2004-2008-жылдары Казан-Куйган айылдык кеңешинин депутаты. 2008-жылы Кара -Кужур шайлоо округу боюнча райондук кенештин депутаттыгына талапкер болуп катталган.

      Сыйлыктары:  Райондук, облустук мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасына  жана башка сыйлыктарга татыктуу болгон. 1979-жылы ВЛКСМ БКнын “Комсомолдордун алдыңкы мугалими” төш белгисин, 1996- жылы “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

“Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамына ээ болгон. Маркумдун артында үч кыз, бир уулу калды.

Көрүнүктүү жетекчи жана таланттуу педагогдун жаркын элеси анын кесиптештеринин, окуучуларынын жана замандаштарынын жүрөгүндө дайыма сакталат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер

Адылбек Кыдыралиев / 07.06.2018 18:29
Агайдын эмгектери эч качан унутулбайт.Жаткан жериниз жайлуу, топурагыныз торко болсун.Уй булоо, бир туугандарына жана кесиптештерине терен кайгыруу менен конул айтабыз.Сизди урматоо менен окуучунуз Кыдыралиев Адылбек жана уйбулоосу.