КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКИ УНИВЕРСИТЕТИ БОРБОР АЗИЯДАГЫ ЭҢ МЫКТЫ 200 ОКУУ ЖАЙДЫН КАТАРЫНА КИРДИ

  • 16.10.2019
  • 0

Улуу Британиянын билим берүүгө  адистешкен Quacquarelli Symonds компаниясы Европа жана Борбор Азиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн эң мыкты университеттеринин рейтингин чыгарды.  

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКИ УНИВЕРСИТЕТИ БОРБОР АЗИЯДАГЫ ЭҢ МЫКТЫ 200 ОКУУ ЖАЙДЫН КАТАРЫНА КИРДИ

Рейтингге жалпы 350 университет кирген. Кыргызстандан эки жогорку окуу жайы — Борбор Азиядагы Америка университети (АУЦА) жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети мыкты 190 жогорку окуу жайдын катарынан орун алды. Биринчиси, 163-орунда болсо, экинчи окуу жайыбыз 190-катарда жайгашкан.

Рейтингидин көч башында М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети турат.

Мыкты окуу жайлардын тизмесин аныктоо бир нече көрсөткүчтөр менен жүргөн.  Алар: университеттин академиялык репутациясы, жумуш берүүчүлөр арасында кадыр-баркы, илимий публикациялардын кызматкерлердин жана студенттердин санына карата жарыяланышы жана илимий даражасы бар окутуучулардын саны.

Quacquarelli Symonds – билим берүүгө адистешкен компания. Ал 1990-жылы Нунцио Куаквелли тарабынан негизделген.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер