КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ ООР ЖОГОТУУГА УЧУРАДЫ.

  • 09.12.2022
  • 0

Кечээ, 2022-жылдын 8- декабрында оорудан улам 54 жаш курагында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, маданияттын, билим берүүнүн жана экономиканын отличниги Чотонов Мамашарип Мамытович дүйнө салды.

КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ ООР ЖОГОТУУГА УЧУРАДЫ.

Чотонов Мамашарип Мамытович 1968-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган.

1986-1988-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1992-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданий-агартуу иштери факультетин «Маданий-агартуу иштеринин уюштуруучу-методист» адистигин, 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «Финансы жана кредит» адистигин, ал эми, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын «Эл аралык мамилелер» адистигин аяктаган.

Ал эмгек жолун 1992-жылы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын администратору болуу менен баштаган. 1993-1994-жылдары аталган мекемеде режиссёрдун жардамчысы кызматында иштеген. 1992-жылы филармониядагы иши менен айкалыштырып, «Руханият» эл аралык ассоциациясынын менеджери, 1993-жылы аткаруучу директору кызматын аркалап, 1994-жылы аталган ассоциациянын вице-президенти кызматына дайындалган. 1996-жылы «Дастан-Ю» жоопкерчилиги чектелген коомун түзүп, 1999-жылы ишкананын башкы директору, 2001-2004-жылдары «Жакшылык кредит» фирмасынын директору болуп эмгектенген.

2005-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин Социалдык-маданий ишмердиги кафедрасына окутуучу болуп кабыл алынган. 2008-жылы аталган кафедранын улук окутуучусу окумуштуулук наамы берилген. 2012-жылы Оркестр жана хор дирижерлугу факультетинин деканы кызматына дайындалган. 2011-2012-жылдары аталган кызмат менен айкалыштырып, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Экономика жана финансы факультетинде, 2012-2014-жылдары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин экономика жана башкаруу факультетинде окутуучулук кесипти аркалаган.

2014-жылдан тартып, өмүрүнүн акырына чейин Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору кызматында эмгектенип келген.
2011-жылы Экономика илимдерини кандидаты илимий наамы жана экономика адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы ыйгарылган. 2015-жылы Россия Федерациясынын Табигый илимдер академиясы тарабынан профессор окумуштуулук наамы, 2020-жылы ушул эле академиянын мүчө-корреспонденти наамы, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан экономика илимдеринин доктору илимий наамы берилген.

Чотонов Мамашарип Мамытович педагогикалык ишмердиги менен бирге илимий иштерге да жигердүү аралашып, маданият, билим берүү жана башкаруу чөйрөсүндөгү экономикалык көйгөйлөргө, кырдаалдарга арналган макалалары маалымат каражаттарында жарыялап келген. 2012-жылы «Экономика социально-культурной сферы», «Менеджмент в социально-культурные сферы» аттуу эки окуу китеби басмадан чыгып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен жогорку окуу жайларда окутуу үчүн программага киргизилген.

Билим берүү тармагына кошкон салымы бааланып, бир катар мамлекеттик органдардын ардак грамоталары, маданияттын, билим берүүнүн жана экономиканын мыктысы төш белгилери менен сыйланган.

Мамашарип Чотоновдун кесипкөйлүгү, уюштуруучулук жөндөмү жана адамдык парасаты дайыма жүрөгүбүздө сакталат.
Маркумдун бир туугандарына, жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза- кайгысын тең бөлүшөбүз.

Бөлүшүү

Комментарийлер