КЫРГЫЗСТАНДЫН БЕШ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЫНА ӨНҮГҮҮГӨ 19,5 МЛН ДОЛЛАР БӨЛҮНДҮ

  • 19.05.2026
  • 0

2026-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана өзгөчө макамга ээ болгон беш мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү уюму менен «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» (КИВО) долбоорунун алкагында үч тараптуу субкредиттик келишимдерге кол койду.
Субкредиттик келишимдер беш жогорку окуу жайдын алдында Изилдөөлөр жана инновациялар борборлорун (ИИБ) түзүү, жабдуу жана өнүктүрүү максатында түзүлдү. КИВО долбоору Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги №220-т тескемесине ылайык, субкредиттик келишимдер жалпы суммасы 19 551 900 АКШ долларын түзгөн бюджеттик кредит түрүндөгү инвестицияларды берүүнү карайт. Каражаттар заманбап жабдууларды жана кызматтарды сатып алууга, лабораториялык, санариптик жана изилдөө инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле жогорку окуу жайлардын алдындагы ИИБлердин стратегиялык өнүгүү пландарында каралган иш-чараларды ишке ашырууга багытталат:
1. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 3 200 000 АКШ доллары;
2. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети – 4 200 000 АКШ доллары;
3. И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 4 325 000 АКШ доллары;
4. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 3 826 900 АКШ доллары;
5. Ош мамлекеттик университети – 4 000 000 АКШ доллары.

КЫРГЫЗСТАНДЫН БЕШ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЫНА ӨНҮГҮҮГӨ 19,5 МЛН ДОЛЛАР БӨЛҮНДҮ
Изилдөөлөр жана инновациялар борборлору биргелешкен дисциплиналар аралык жана жогорку окуу жайлар аралык колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү, инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу, билим берүү программаларын жаңылоо, адистерди даярдоо жана мамлекеттик сектор, бизнес жана чет өлкөлүк университеттер менен өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн аянтча болуп кызмат кылат.Бул максаттарга жетүү үчүн жогорку окуу жайлардын алдына төмөнкүдөй милдеттер коюлган:
Ж. Баласагын атындагы КУУдагы ИИБ суу, химиялык жана экологиялык коопсуздук тармагындагы изилдөөлөрдү өнүктүрүп, жаратылыш, ичүүчү жана бөтөлкөгө куюлган суунун, азык-түлүктөрдүн сапатын талдоо, экологиялык тобокелдиктерди баалоо жана суу коопсуздугу менен экоаналитика боюнча билим берүү программаларын киргизүү менен алектенет;
К.И. Скрябин атындагы КУАУдагы ИИБ азык-түлүк жана биологиялык коопсуздук тармагында иш жүргүзүп, ата мекендик диагностикалык тест-системаларды, лабораториялык изилдөө топтомдорун жана өсүмдүктөрдүн вируссуз көчөт материалдарын иштеп чыгуу жана өндүрүү менен алектенет;
И.К. Ахунбаев атындагы КММАдагы ИИБ биомедициналык изилдөөлөрдү, лабораториялык диагностиканын заманбап ыкмаларын, молекулярдык-биологиялык, микробиологиялык, биохимиялык жана морфологиялык изилдөөлөрдү, ошондой эле дары каражаттарынын биоэквиваленттүүлүгүн изилдөөнү өнүктүрөт;
И. Раззаков атындагы КМТУдагы ИИБ колдонмо жасалма интеллект, киберкоопсуздук, чоң маалыматтарды талдоо, өндүрүштүк автоматташтыруу, AR/VR технологиялары, нерселер интернети, 5G жана экономиканын ар түрдүү тармактарына санариптик чечимдерди пилоттук киргизүү багытында иш алып барат;
ОшМУдагы ИИБ онкологиялык оорулар, анын ичинде эмчек безинин рагынын алдын алуу, заманбап диагностика ыкмалары, медициналык маалыматтарды талдоо, билим берүү программалары жана адистер менен бейтаптарды маалыматтык колдоо багытындагы изилдөөлөрдү жана инновацияларды өнүктүрөт.
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова субкредиттик келишимдерге кол коюлушун өлкөнүн жогорку билим берүү жана илим системасы үчүн маанилүү окуя катары белгиледи. Анын айтымында, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 19,5 миллион АКШ долларынан ашык каражат түздөн-түз мамлекеттик университеттердин илимий-изилдөө жана инновациялык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталууда. «Бул жөн гана каржылоо эмес, өлкөнүн илимий-технологиялык келечегине жасалган стратегиялык инвестиция», – деди министр.
Гульзат Исаматова мамлекет жана эл аралык өнөктөштөр долбоордун натыйжалуу ишке ашырылышын күтүп жатканын белгилеп, ошондуктан каражаттарды максаттуу пайдаланууга, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана сапаттуу башкарууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты. Анын айтымында, инвестициялар университеттердин изилдөө потенциалын күчөтүүгө, колдонмо иштелмелерди өнүктүрүүгө жана билим берүү, илим менен экономиканын муктаждыктарынын байланышын бекемдөөгө кызмат кылышы маанилүү. Министр КИВО долбоору жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана университеттик илимди өнүктүрүүгө олуттуу салым кошоруна ишеним билдирди.
Маалымат үчүн: «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» долбоору Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын тобуна кирген Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагында ишке ашырылууда. Макулдашууга 2024-жылдын 6-мартында Бишкек шаарында кол коюлуп, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлундагы №146 Мыйзамы менен ратификацияланган.

Бөлүшүү

Комментарийлер