КЫРГЫЗСТАНДЫН АТЫН ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН ИНТЕЛЛЕКТУАЛ ТРЕНЕР

  • 21.01.2021
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 8-13-январында онлайн форматында өткөн XVII Эл аралык Жаутыков олимпиадасында  кыргызстандык окуучулар математикадан үч коло жана информатикадан алты коло медалга татыктуу болушту. Жеңүүчүлөрдү  даярдаган тренерлери үчүн да өзгөчө IMPACT олимпиадасы уюштурулду.

«Газпром Кыргызстан» мектебинин математика мугалими Ишматов Мамат тренерлердин арасынан 1-орунду багындырып, алтын медаль менен сыйланды. Билим саяпкери окуучуларды 2018-жылдан бери олимпиадаларга даярдап келатат. Өткөн жылы альтернативдүү олимпиаданы өткөрүү боюнча сунушун киргизип, Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте пилоттук негизде биринчи жолу төрт этап менен өткөрүшкөн. Быйыл бул интеллектуалдык сынак экинчи жолу өткөрүлөт.  Анда эмесе, каарман тууралуу азыноолак кеп кылсак.

КЫРГЫЗСТАНДЫН АТЫН ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН ИНТЕЛЛЕКТУАЛ ТРЕНЕР

Алгачкы ийгиликтер

Биздин каарман Ош шаарындагы “Сема” түрк лицейинин мыкты бүтүрүүчүсү. Лицейде окуп жүргөндө эле математика сабагы боюнча олимпиадаларга катышып, республикалык  сынакта бир нече жолу 1-орунду жеңип алган. Математика боюнча Мексикада, Словенияда өткөн дүйнөлүк олимпиадаларга катышып, сыйлыктуу орундарга ээ болгон.  2006-жылы лицейди аяктап жатканда эле Германиядагы Якобс университетине документин тапшырып, ал окуу жайга дароо эле 1-курска кабыл алынган. Окуу жайды ийгиликтүү аяктаган соң, ДААД программасы аркылуу Ульм университетинин магистратурасына өтүп, аны да ийгиликтүү бүтүргөн. Германия мамлекети каарманыбызга бекер окуганга гана мүмкүнчүлүк берген. Ал эми жатакана, тамак-ашы өзүнүн моюнунда эле.

Мугалим-тренер

Германиядан Кыргызстанга кайтып келгенден кийин бир-эки жыл  Эсептөө палатасында, бизнес чөйрөсүндө иштеген.

  • Андан соң өзүмө жаккан мектеп окуучуларын олимпиадага даярдоо жана аны уюштуруу ишине кайрылууну ойлондум. Анткени мектепте окуп жүргөндө эле математика боюнча олимпиадага катышып, таланттуу балдар менен таймашып, абдан татаал маселелерди чыгарып, Кыргызстандын даңкын чыгарганга баардык күч-аракетимди жумшап келдим. Интеллектуалдык сынак да өзүнчө спорт сыяктуу эле. Ошондуктан жумуштан кийин мектепке барып, балдарды математикадан олимпиадага даярдап жүрдүм. Мугалим-тренерлик ишимдин жемишин 2013-жылы көрдүм. Мен даярдап жүргөн окуучум Муллахашим Симай республикалык олимпиадада 1-орунду камсыздаган, — дейт Мамат агай.

Мамат Ишматов Оштогу кыздар лицейинде сабак берип жүргөн учурунда, математикага кызыккан, зээндүү окуучуну эки жыл даярдаган. Ал окуучусу республикалык олимпиадада 2-орунду багындырган. Ошондон баштап ал болгон убактысын окуучуларды олимпиадага даярдоого жумшоону чечкен.

Альтернативдүү олимпиада

КЫРГЫЗСТАНДЫН АТЫН ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН ИНТЕЛЛЕКТУАЛ ТРЕНЕР

Мамат Ишматов өткөн жылы Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте өткөргөн альтернативдүү олимпиадада комиссиянын курамына кирген. Бул сынактын башкы максаты — Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын алкагында зээндүү мектеп окуучуларын табуу, алардын билимдерин өркүндөтүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн илимий-изилдөө ишине карата кызыкчылыктарын өнүктүрүү жана математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча Эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргызстандын командасын түзүү жана даярдоо болуп саналат. Бул олимпиаданы уюштуруу, өткөрүү боюнча каарманыбыз төмөнкүлөрдү айтып берди:

“Альтернативдүү олимпиада  быйыл экинчи жолу төрт этап менен өткөрүлөт.  Математика боюнча олимпиаданын I этабы  23-24-январда өтөт. Олимпиадага катышуу үчүн окуучулар электрондук каттоодон өтүүгө тийиш. Өткөн жылы дүйнөлүк олимпиадага ушул альтернативдүү олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп табылган алты окуучуну тандап алганбыз. Комиссиянын курамында дүйнөлүк олимпиаданын жеңүүчүлөрү, ар кайсы мектептердин күчтүү мугалимдери жана ЖОЖдун окутуучулары бар болчу. Биздин биринчи максат  – таза, адилеттүү олимпиада өткөрүү эле.

Өткөн жылы окуучуларды даярдоо үчүн Казакстандан математика боюнча эки алтын медалы бар Амир Мухаммед-Алини таптык, ал Принстон университетинде окуйт экен. Аны чакырып, окуучуларды даярдатканбыз. Анткени Казакстанда 20 жылдан бери окуучулары математика боюнча абдан күчтүү. Себеби мамлекет таланттуу балдарга абдан көп каражат жумшайт. Алар Россиядан күчтүү мугалимдерди алып келип даярдашат.

Бул сынакты өткөрүүдө 2000-жылы математика боюнча Кыргызстанга биринчи коло медалды алып келген  Абдувалиев Мурат демөөрчүлүк кылды. Азыр анын чоң бизнеси бар. 2020-жылы сентябрь айында дистанттык форматта альтернативдүү олимпиада өттү. Сынакты өткөрүүдө баардык шарттар түзүлгөн, жада калса  дааратканага чейин видеокамералар орнотулган. Казакстандан бир байкоочу келген. Ошентип, алты окуучудан бирөө гана коло медалга татыктуу болду. Бул дүйнөлүк олимпиадага жүздөн ашык мамлекет катышкан. Ошондуктан коло медаль алуу — биз үчүн сыймык.

Дүйнөлүк олимпиаданын суроолору жылдан жылга татаалдашып баратат. Ошол олимпиаданын деңгээлиндеги суроолорду чыгаруу үчүн окуучунун мектептеги алган билими жетишпейт. Башка мамлекеттер күчтүү даярдык менен катышат. Мен Германияда окуп жүргөндө жайкы эс алуу учурунда университеттин жатаканасында калып, архитектура боюнча бир фирмага кирип иштедим. Жайында Германия мамлекетинин атынан куралган команда келип, үч жума бою дүйнөлүк олимпиадага даярданышты. Алардын башкы машыктыруучусу, даярдаган мугалими ирандык экен.  Анын жардамчы профессорлору дагы болгон. Дүйнөлүк олимпиадага катышуу үчүн тренерлер 5-класстын окуучуларын даярдап башташат. Ошон үчүн алар 10-11-класска келгенде мектептин эмес, университеттин маселелерин чыгарышат.

Мен олимпиаданын чоо-жайын жакшы билген үчүн 2018-жылы 5-класстын, анан чоң класстардан  окуучуларды  алып, даярдай баштадым. Чоң класстардын окуучулары республикалык олимпиадада 2-орунга, бирөөсү 3-орунга чыкты. Ошол окуучулар дүйнөлүккө деле даярданып барышты, бирок сыйлыкка жетише алышкан жок. Бул мыйзамченемдүү көрүнүш. 5-класстан бери даярдап келаткан окуучумдун ата-энеси  мен Бишкекке көчүп келгенде, аны да  борборго кошо көчүрүп келишти. Азыр ал “Келечек” мектебинде 7-класстын окуучусу.  Өткөн жылы республикалык этапта 2-орунду алды.

Альтернативдүү олимпиадага катышууда лимит коюлган эмес. Күчтүү болбосо деле математикага кызыккан, каалагандар катыша алышат. Эң башкысы, суроолор менен таанышып, кийинки жылга даярдана берет. Биринчи этапка көп адам катышат. Өткөн жылы пилоттук долбоор катары өткөн. Эки-үч айдын ичинде Жобосун иштеп чыгып бергенбиз. Аны идеалдуу деп айтууга болбойт. Бирок ал акырындык менен оңдолуп жатат.

Дүйнөлүк олимпиадада медаль жеңген балдар автоматтык түрдө 4-этапка өтүшү керек. Баса, биз окуучуларды топтоп туруп, акыркы этапка Россиядан, Казакстандан тренерлерди алсак деген ниетибиз бар. Биринчиден, таза болот, экинчиден, мугалимдер окуучуларга жаккан суроолорду бере алышпайт».

Жаутыков олимпиадасындагы тренерлердин таймашы

Эл аралык Жаутыков олимпиадасына окуучуларды даярдаган тренерлер үчүн да өзгөчө IMPACT олимпиадасы уюштурулган. Жыйынтыгында Ишматов Мамат алтын медалга татыктуу деп табылды.

Мамат агайдын тарбиялануучусу №61 мектеп-лицейдин окуучусу Эрбол Эсенгулов да кур калбай, коло медал утуп алды.

— XVII эл аралык Жаутыков олимпиадага бүткүл дүйнөдөн чогулган 146 командадан 1006 окуучу катышты. Пандемияга байланыштуу эл аралык предметтик олимпиадалар онлайн режиминде өткөрүлүүдө. Уюштуруучулар онлайн режиминдеги видеобайкоо, олимпиаданы видеого жазуу жана башка шарттарды сактоону талап кылышат. «Газпром Кыргызстан» мектеби, Ч.Айтматов атындагы лицей, АФММЛ №61 жана KSMS мектептер техникалык тараптан бүт талаптарга жооп берип XVII эл аралык Жаутыков олимпиадасын жогорку деңгээлде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Олимпиада эрежелерин сактоо боюнча видеобайкоо режиминде эксперттер көзөмөлдөштү, — дейт тренер.

Эл аралык Жаутыков олимпиадасына үч этап менен окуучулар тандалган. Үч этап тең онлайн форматта өткөн. Үчүнчү этапты ZOOM аркылуу өткөрүп, 15 окуучу тандалган.

— Эртең олимпиада болот деген түнү башка мамлекеттерден суроо келет. Россиядан эки суроо, Казакстандан алты суроо келген.  Эл аралык Жаутыков олимпиадасында  эң күчтүү үч окуучу коло медалга татыктуу болушту. Бул олимпиаданын жакшы жактары арбын. Ар жылы жакшы натыйжалары бар, — дейт М.Ишматов.

Дүйнөлүк олимпиаданын суроолору

«Математикада төрт бөлүм бар: алгебра, комбинаторика, сандардын теориясы жана геометрия. Дүйнөлүк олимпиаданын схемасын алып туруп, темаларды тандап, төрт темага бөлүп туруп, суроолорду тандайбыз. Факт боюнча акыркы түнү жасалат. Анткени комиссия мүчөлөрү түндө баланы ойготуп, суроону бере албайт.

Дүйнөлүк олимпиадага алты суроо келет. Эки суроо эң татаал, эч ким чыгара албаган маселе берилет. Аларда каалаган тема болушу керек. Олимпиаданын катышуучулары татаал маселени ар кандай жолдор менен маселе чыгарышат.  Ал үчүн жюри абдан компетенттүү болуш керек. Эгер жюри билбесе, анда проблема болот», — дейт тренер.

Олимпиаданын жеңүүчүсү чет мамлекеттерде өзгөчө бааланат

«Менин тажрыйбамда жакшы нерсе болгон. Германияда окуп жүргөндө досум экөөбүздү архитектура боюнча бир фирма жумушка чакырган. Складка окшогон цех бар экен, 1-кабатында өздөрүнүн балдары, тааныштары иштешет экен. Фирманын жетекчиси экөөбүздүн резюме менен таанышкан соң, олимпиаданын жеңүүчүлөрү экенибизди баалап, «силерге окшогондор 1-кабатта иштебейт, силер 2-кабатта иштейсиңер» деп, бир архитектордун жардамчысы кылып ишке алган. Үч жыл иштедик, айлыгы да, мамилеси да жакшы болчу.

Биз Германияга барганда өзүбүздү укмуштуудай күчтүүбүз деп сезгенбиз. Бирок Германиядагы бир профессор дүйнөлүк олимпиадада берилген алты суроого туура жооп берип, 42 балл алган. Мен катышкан учурда болгону 11 балл алгам», — дейт М.Ишматов.

Мамат Ишматов эгерде материалдык жакты биринчи орунга койгондо Германияда эле иштеп, жашоосун уланта бермек. Жок, анын жүрөгү Кыргызстанга алып келип, келечек муундарды эл аралык деңгээлдеги сынактарга чыгарып, дүйнөгө өз өлкөсүн жакындан тааныштырып, аброюн көтөрүү биринчи орунда экенин ал жашырбайт.

Жаркын келечекти алдыга умтулткан билим саяпкеринин иши илгерилей берсин!

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер