“КЫРГЫЗСТАНДЫН АЛТЫН ФОНДУ” КИТЕБИНЕ КИРГЕН ТААЛАЙБЕК АГАЙ

  • 27.02.2020
  • 0

Мектеп жөнүндө сөз кылганда, улуу-кичүү эжейлер, тагыраагы, жалаң аялзаты гана элестеп калды. Агайлар мектептен алыстап отуруп, азыр дээрлик жок, болсо да сейрек. Ошол сейрек агайлардын арасында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Дөбө айылында өзү айткандай, жөнөкөй үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген Мырзабаев Таалайбек деген мугалим бар.

Таалайбек Мырзабаев Түп районундагы Сары-Дөбө айылындагы орто мектепти аяктаган соң, алгачкы эмгек жолун ошол өзү окуган мектепте улуу пионер вожатый деген улуу милдетти аркалоо менен баштаган. Тажрыйбага каныккан жаш адис борбор калаабыздагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун башталгыч класстарда окутуунун педагогикасы жана методикасы факультетинде билим алат. 1994-жылы ал окуу жайды ийгиликтүү аяктаган соң, колуна көптөн көксөгөн “Башталгыч класстын мугалими” дипломун алат да, өзү үйрөнүп-көнгөн айылындагы сүйүктүү ишин улантат. Мындагы иши эми жаңыдан мектеп босогосун аттаган балдарга  “а” деген тамганы үйрөтүү менен уланат.

“Агай” деген атка татыктуу болгум келет

— Өзүмдүн мугалимдик кесибимди чексиз сүйөм жана кесибим менен сыймыктанам. Адегенде маани бербесем керек, кийинки учурда “агай” деген сөз мага аябай ыйык нерседей туюлат, ошол атка татыктуу болгум келет. Мен бир эле учурда башталгыч класстын мугалими жана мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштейм. Башкаларга билбейм, мен үчүн мектепте балдар менен иштеген аябай кызыктуу. Балдар менен иштеп жүрүп чыгармачылык дараметиң да ачылат. Балким ошондонбу, окууну чыгармачылык иштер менен айкалыштырып иштегенге басым жасайм. Талыкпаган аракетимдин аркасында көптөгөн ийгиликтер жаралды. 1995-жылы республикалык денгээлдеги «Жылдын мугалими-1995»  кароо сынагында баш байгени — Гран Прини жеңип алып, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы төш белгисин алгам. Бул да чоң жеңиш, чоң сыймык деп эсептейм. Андан тышкары, жаш муундарга билим жана тарбия берүүдө жан дилим менен жасап жаткан иштерим көмүскөдө калбай, “Мээрим” эл аралык фондусунун Дилгир” сыйлыгынын 2004-жылкы лауреаты болгом. Ушунун баары ак эмгегиңдин текке кетпей, бааланып жаткандыгын айкын далили,-дейт Таалайбек Мырзабаевич.

Уюштуруучу-организатор Таалайбек агай 2005-жылы Ысык-Көл облустук «Жылдын мыкты организатору» кароо сынагында баш байгени – Гран-Прини жеңип алган. Андан көп өтпөй эле, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Эл Аралык стратегиялык изилдөөлөр институту тарабынан Кыргызстандын «Алтын фонду» китебине киргизилген.

— Ар бир адам, ал кайсы кесиптин ээси болбосун, өзүнүн аткарган ишинин жыйынтыгын көрүүгө умтулат. Бул жагынан алганда, мугалимге оңой. Ал өзүнүн эмгегинин үзүрүн окуучулары аркылуу көрөт. Мен да окуучуларымды кандай кароо-сынактарга даярдабайын, эгерде алар ийгиликтерге жетишсе, менин ийгилигим деп санайм. Ал эми менин ийгилигим – окуучуларымдын мени алдыга сүрөгөн деми, колдоосу аркылуу жаралат. Алсак, окуучуларымды “ХХІ кылымдын интеллектуалдары” республикалык сынагына даярдап, жыл сайын ар бир номинациядан баш байге, 1-орундарды камсыз кылып келатабыз. Бул – биздин ийгиликтерибиз. Мен да башка адамдар сыяктуу эле райондук, облустук жетекчилер көңүл буруп, сыйлык ыйгарышса, чексиз кубанып, алдыда дагы көп-көп ийгиликтерге умтулуп иштегим келет. Мен үчүн сыйлыктын чоң кичинеси жок. Мисалы, Түп райондук мамлекеттик администрациясынан, Арал айыл Өкмөтүнөн алган “Ардак грамота”, ыраазычылык каттарымдын баары мага кымбат.

2014-жылы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан участкалык шайлоо комиссиясынын ишин жогорку денгээлде уюштургандыгы үчүн УШКнын төрагасы катары «Ардак грамота» жана баалуу белеги менен сыйлангамын.

Республикалык «Тарбия жана мектеп — бекем мамлекет» аттуу илимий конференцияга жигердуу катышып, 1-даражадагы диплом жана баалуу белек менен сыйлангам.

2018-жылы С.Данияровдун коомдук фонду башталгыч класстардын мугалимдери үчүн уюштурган республикалык “Биринчи мугалим” сынагына катыштым. Ошол эле жылы

Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн «Жылдын мыкты  чыгармачыл мугалими» номинациясынын жеңүүчүсү болуп, «Ардак гармота» менен сыйландым,-дейт сыйлыктарына сыймыктанган агай.

“Биринчи мугалим” сынагында алып баруучу болгом

 

Мугалимдик кесиптен тапкан сый-урматы, сырлары менен бөлүшкөн Таалайбек Мырзабаевич айткандай, мугалим көбүнчө, жок, көбүнчө эмес, ар дайым эл алдында жүрөт. Аны күнүгө бери эле дегенде жыйырма көз тиктеп, анын ар бир айткан сөзүн тыңдап отурат. Анан ал кантип чыгармачылык менен иштебей кое алат? Таалайбектин балким табигый таланты бар болсо керек, ар түрдүү иш-чараларда алып баруучулук да милдетти аткара коймой жайы бар. Башындагы ак калпагы өзүнө куп жарашып, сылык-сыпаа жүрүм-туруму, ар бир сөздү кынаптап, өз орду менен, макалдар, белгилүү акындардын ыр саптары менен коштоп сүйлөгөн сөздөрүн уккан адам “баракелде” деп баа берери бышык. Эсимде, Таалайбек Мырзабаев КР академиги, кыргыздын медицина илимине зор салым кошкон окумуштуу, физиолог Санжарбек Данияровдун коомдук фонду айыл жергесиндеги башталгыч класстын мугалимдери үчүн 2011-жылдан бери уюштуруп келаткан “Биринчи мугалим” сынагына катышкан эки агайдын бирөө болчу. “Күлүктөн күлүк чыкса, төрт туягы тыбырайт” дегендей, сынактын экинчи этабында көптөгөн мугалимдердин арасынан өзүнүн жигердүүлүгү менен көзгө илинип калса керек, кийинки жылы сынакты алып баруучу болду.

“КЫРГЫЗСТАНДЫН АЛТЫН ФОНДУ” КИТЕБИНЕ КИРГЕН ТААЛАЙБЕК АГАЙ

Түбү “тешик” тарбияны кантип бүтөйбүз?

Азыркы мезгилде Түп районундагы К.Карачев атындагы № 21 Сары-Дөбө жалпы орто билим берүү мектебинде насаатчы мугалим катары эмгектенип келаткан Таалайбек Мырзабаев 33 жылдык иш тажрыйбасын жаш муундарга жана жаш адистерге үйрөтүү менен бирге эл аралык долбоорлорго активдүү катышып келет. Башталгыч класстарынын мамлекеттик стандарттарынын негизинде  окутуу жана USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорун ишке ашыруу боюнча тренингдерге катышып, бир нече сертификатка ээ болгон.

“КЫРГЫЗСТАНДЫН АЛТЫН ФОНДУ” КИТЕБИНЕ КИРГЕН ТААЛАЙБЕК АГАЙ

Ар бир адамдын өзүнүн алдыга койгон максаты болот эмеспи, Талайбек агайдын да жашоодогу максаты: билим берүү чөйрөсүндө жаңылануу, азыркы замандын жашоо шартындагы өзгөрүүлөрдү сезип жана туя билүү. Мындай караганда өзгөчө деле эч нерсе жоктой, баары оңой сезилиши мүмкүн. Бирок мектепте иштеп, мектеп түйшүгүн жонуна артып келаткан адам гана сезген, билген милдет, жүк бар.

— Көпчүлүк адамдар өспүрүмдөрдү тарбиялоо жана аларды келечектин мыкты адамы кылып чыгаруу – мугалимдин гана иши деп эсептешет. Бул албетте, андай эмес. Ал мугалимдин иши эмес деп да ары түртүп сала албайсың. “Келечек муунду канткенде татыктуу тарбиялай алабыз?” деген суроонун айланасында кесиптештерим менен көп ойлондук. Мектеп администрациясы, ата-энелер комитети, коомчулук жамааттар менен кереге кеңештерди уюштуруп «Ата-эне, коомчулук, мектеп менен биргеликте тарбиялоо» деген комплекстүү программа кабыл алдык. Ошондо жалгыз мектеп тырбалаңдап тарбия менен толтурууну көздөгөн түбү тешик чаканы ата-эне, мектеп, коомчулук менен бирдикте биргелешип бүтөөгө кириштик. Бүгүнкү көчө балдарына айланган өспүрүмдөрдүн тагдырына ким жооптуу? Мына ушундай суроолор көп…

Үй-бүлө курууда деле эки адамдын ортосунда сүйүү, ынтымак болмоюнча, үй-бүлө бекем болбойт. Айтайын дегеним, мектеп, ата-эне, коомчулук үчөө биргелешип бир багытты көздөгөндө гана алдыга коюлган максат ишке ашып, өз натыйжасын берет. Биргелешкен иш-аракеттерибизди биз баланын айланасында жүргүзүшүбүз керек. Көңүл борборунда бала жайгашса, мектеп, үй-бүлө, коомчулук анын жан-жагында турат. Биргелешип иштешүүнүн натыйжасында мектеп берген тарбиянын өзүнө тиешелүү бир бөлүгүн үй-бүлө аткарса, коомчулук өзүнө ыйгарымдуусун толуктаса, “Үй-бүлө-Мектеп-Коомчулук” үч бурчтугу өспүрүмдү ар кандай сыноолордон бекем коргойт деп ишенем.

Үч кесиндинин бирөө гана кыска же кемтик болсо, илим теориясы тайып, тең жактуу үч бурчтук түзүлбөй, максаттарыбыз ишке ашпай калаары шексиз,-дейт Таалайбек Мырзабаев.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер