КЫРГЫЗСТАНДАН 100 БАЛА БАКЧА, МЕКТЕП БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА МАСШТАБДУУ ДОЛБООРГО КОШУЛАТ

  • 16.12.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын тоолуу аймактарынын өнүгүүсүн колдоо программасы (MSDSP KG Коомдук фонду), Ага-Хан фондунун демилгеси менен “Мектептер-2030” аттуу 10 жылдык  жаңы глобалдык долбоорду баштоодо.

КЫРГЫЗСТАНДАН 100 БАЛА БАКЧА, МЕКТЕП БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА МАСШТАБДУУ ДОЛБООРГО КОШУЛАТ

Долбоор мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуунү жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү максаттарынын төртүнчү жана сегизинчи пунктуна жетүүгө жардам берүүнү көздөйт.

“Мектептер-2030” долбоорунун алкагында: мектепке чейинки билим берүү, кенже курактагы балдарды өнүктүрүү; ар бир окуучунун жөндөмүн жакшыртууга жана өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу; PISA 2024кө даярдоо, окуучуларга жана жаштарга кесиптик багыт берүү, билим берүү тармагында санариптештирүү процесстерин ишке ашырууга колдоо көрсөтүү боюнча жумуштар аткарылат.

Долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу чаралары Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн “Мектептер-2030: дизайн жана пландаштыруу» семинарында талкууланды. Ага министрдин орун басары, тиешелүү адистер, билим берүү тармагындагы эксперттер, эл аралык жана жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана “Мектептер-2030” долбоорунун глобалдык  донорлук фондунун мүчөсү — Oak Foundation уюмунун өкүлү катышышты.

Долбоор дүйнө жүзү боюнча  он өлкөдө иш алып барып,  ар бир өлкөдө мектепке чейинки жана мектептик билим берүүчү 100 окуу жайын камтыйт. Кыргызстандагы мектептерди тандоо февраль айында жүрөт. 100 бала бакча, мектепке жыл сайын микрогранттар берилет. Мынданы сырткары долбоордун катышуучуларына эл аралык жана улуттук “Мектептер-2030” форумдарына, БУУнун Башкы Ассамблеясынын отурумуна катышууга мүмкүнчүлүк берилет.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер