КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРГА АРАБ ТИЛИНДЕ ICESCO «БАЯН» СЫЙЛЫГЫ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК НОМИНАЦИЯГА КАТЫШУУ СУНУШТАЛАТ

  • 08.06.2021
  • 0

Сыйлыкка карата номинациянын шарттары:

  • Талапкер араб өлкөсүнүн студенти болбоого жана араб тили анын эне тили болбоого тийиш;
  • Жумуш окуу жай аркылуу көрсөтүлүүгө тийиш;
  • Окуу жай бир гана талапкерди көрсөтө алат;
  • Сүйлөмө видеонун узактыгы балдар категориясы үчүн 3 мүнөттөн, өспүрүмдөр категориясы үчүн 4 мүнөттөн, жаштар категориясы боюнча 5 мүнөттөн ашпоого тийиш;
  • Видео көркөм жана чыгармачыл багытта болууга тийиш;
  • Видео буга чейин жарыяланбаган жана башка конкурска катыштырылбаган болууга тийиш;
  • Видеого талапкер тарабынан редакцияланган текст жана толтурулган номинация формасы тиркелүүгө тийиш.

Номинация формасы төмөнкү шилтемеде:

http://www.icesco.org/wp-content/uploads/2019/12/icesco_bayan_2_award.pdf

«Баян» сыйлыгы студенттердин ар бир курактык категориясынын (балдар, өспүрүмдөр жана кыздар, жаштар) 3 жеңүүчүсүнө ыйгарылат.

Ар бир жеңүүчүгө:

— жаштар категориясында – 2000$

— өспүрүмдөр категориясында – 1500$,

— балдар категориясында – 1000$.

Номинация тууралуу толугураак маалымат www.icesco.org сайтында.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер