КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН «АЛАБУГА ПОЛИТЕХ» КОЛЛЕДЖИНДЕ БИЛИМ АЛУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 03.02.2023
  • 0

2-февралда өткөн жолугушууда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жана Татарстан Республикасынын “Алабуга” өнөр жай-өндүрүштүк тибиндеги өзгөчө экономикалык аймагы” Акционердик коомунун өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана соода өкүлчүлүгү Кыргызстандын жарандарын “Алабуга Политех” инженердик колледжинде бюджеттик негизде окутуу, мектептерде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН "АЛАБУГА ПОЛИТЕХ" КОЛЛЕДЖИНДЕ БИЛИМ АЛУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

“Алабуга” өнөр жай-өндүрүштүк тибиндеги өзгөчө экономикалык аймагы” Акционердик коомунун өкүлдөрү билим берүү долбоорлору жана программалары, атап айтканда мектеп окуучуларынын арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана педагогдорго стимул берүү долбоорлору тууралуу айтып беришти.

Маалымат үчүн: “Алабуга” өнөр жай-өндүрүштүк тибиндеги өзгөчө экономикалык аймагынын курамына “Алабуга Политех” инженердик колледжи кирет.

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН "АЛАБУГА ПОЛИТЕХ" КОЛЛЕДЖИНДЕ БИЛИМ АЛУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер