КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР УДААСЫ МЕНЕН ТӨРТ КҮН ЭС АЛЫШАТ

  • 19.08.2021
  • 0

Август айынын этегинде өлкөнүн эгемендигинин 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу төрт күн эс алуу болот.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 28-август жана 29-август (ишемби жана жекшемби) күндөрү менен кошо 30-август жана 31-август эс алуу күнү деп аныкталган. 30-августтагы иш күнү үчүн кыргызстандыктар 10-майда иштешкени маалым (9-май майрам күнү жекшембиге туш келгендигине байланыштуу бул күн дем алыш болушу керек). Министрлер кабинети андагы эс алуу күнүн августка жылдырган эле.

Эскерте кетсек, жылдын аягына чейин, т.а. күзүндө ушундай төрт күндүк эс алуу болмокчу.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер