КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ЛАТВИЯНЫН УНИВЕРСИТЕТТЕРИНДЕ АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛА АЛАТ

  • 06.02.2020
  • 0

Кыргызстандын жарандары Латвиянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн аталган өлкөнүн мамлекеттик стипендиялык программасына катышса болот.

Бул: бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары (10-11 ай), илим изилдөө мекемелеринин же жогорку окуу жайларынын кызматкерлери үчүн илимий же илим изилдөө иштерин жүргүзүү, студент жана профессордук-окутуучулар курамы үчүн жайкы мектеп.

Окутуу латыш жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Документтер 2020-жылдын 1-апрелине чейин кабыл алынат.

Стипендиялык программанын шарттары, талаптары жана башка жагдайлары боюнча кеңири маалымтты бул шилтемеден алсаңыз болот — www.viaa.gov.lv/scholarships .

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Латвия өкмөтү 2016-жылы октябрь айында билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшкан.

 Билим берүү жана илим министрлигинен басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер