КЫРГЫЗСТАНДЫК ВОЛЕЙБОЛЧУЛАР ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШАТ

  • 21.08.2025
  • 0

Кыргызстандын пляж волейболу боюнча кыз-келиндер курама командасы (U-21) өлкө тарыхта биринчи жолу Дүйнө чемпионатына жолдомо алып, кызуу даярдык көрүүдө.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ВОЛЕЙБОЛЧУЛАР ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШАТБул кубанычтуу кабарды Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин жана  өлкөнүн волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев билдирди.

Кыргызстандын пляж волейболу боюнча машыктыруучу Карина Ким жетектеген  спорт чеберлери Роза Расулбек кызы жана Айтурган Айтбековадан турган команда 15-19-октябрь күндөрү Мексикада өтө турган 21 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатына катыша турган командалардын тобуна кирүү укугун алышты.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ВОЛЕЙБОЛЧУЛАР ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШАТБул жуп 2024-жылы Париж шаарында өткөн Олимпиада оюндарынын мыктыларды тандоо мелдештерине катышып, Азиянын ТОП-8 күчтүү командалары ойногон негизги таймаштарга кошулуп, чеберчилиги менен адистердин көңүлүн бурган.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ВОЛЕЙБОЛЧУЛАР ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШАТЖыйырма жаштагы Роза  Бишкек шаарындагы “Дордой” спорт клубунун волейбол командасынын мүчөсү болсо, Айтурган “Салам-Алик” командасынын чабуулчусу болуп саналат. Роза  учурда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик политехникалык университетинин 4-курсунун студенти. Ошондой эле команданын капитаны.

Он тогуз жаштагы Айтурган болсо Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 2-курсунун студенти болуп саналат.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ВОЛЕЙБОЛЧУЛАР ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШАТОшентип өнөрү менен таанылган Роза Расулбек кызы жана Айтурган Айтбекова  керектүү рейтингдик упайларды топтоп, Кыргызстандын волейболунун тарыхында биринчи жолу Дүйнө чемпионатынын финалдык мелдештерине катышууга Ысык-Көлдө камылга көрүүдө.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ВОЛЕЙБОЛЧУЛАР ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШАТКабыл Макешов, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер