КЫРГЫЗСТАНДЫК УНИВЕРСИТЕТ ЖОЖдордун ДҮЙНӨЛҮК РЕЙТИНГИНЕ КИРДИ

  • 13.06.2022
  • 0

8-июнда Quacquarelli Symonds рейтинги жарыяланды. Быйылкы жылдын жыйынтыгында Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS (Quacquarelli Symonds) версиясы боюнча дүйнөнүн 1422 мыкты университетинин рейтингинде 801-орунду ээледи.

post.title

Кыргыз-Түрк “Манас” университети 1995-жылы Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуунун негизинде түзүлгөн мамлекеттик жогорку окуу жай болуп саналат.

Буга чейин 2021-2022-жылдагы изилдөөгө ылайык, Борбордук Азиядагы Америка университети Европа жана Борбор Азиядагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн университеттеринин рейтингинде 138-орунду ээлеген.

Быйыл QS (Quacquarelli Symonds) рейтингинде Массачусетс технологиялык институту биринчи, Кембридж университети экинчи, Стэнфорд университети үчүнчү орунда ээледи.

QS (Quacquarelli Symonds) университеттерди төмөндөгүдөй критерийлер боюнча баалайт:

  • жогорку окуу жайдын академиялык кадыр-баркы (Academic Reputation) – 40%
  • окуу жайдын жумуш берүүчүлөр арасында аброю (Employer Reputation) – 10%
  • окутуучулар менен студенттердин санынын катышы (Faculty/Student Ratio) – 20%
  • окутуучулардын илимий иштерине шилтемелердин индекси (Citations per faculty) – 20%
  • чет өлкөлүк окутуучулардын үлүшү (International faculty ratio) – 5%
  • чет өлкөлүк студенттердин үлүшү (International student ratio) – 5%

Quacquarelli Symonds рейтинги университеттердин эң көп көрүлгөн дүйнөлүк рейтингинин үчилтигине кирет.

Бөлүшүү

Комментарийлер