КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАРДЫН  ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДАГЫ  ИЙГИЛИГИ

  • 24.02.2022
  • 0

XVIII Жаутыков IZhO-2022 эл аралык олимпиадасында кыргызстандык окуучулар жана мугалимдер үч алтын, бир күмүш, беш коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Курманбек баатыр лицейинин окуучусу Тенгиз Беккоёнов жана Ч. Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Айдар Мундузбаев информатика боюнча алтын медалдарды жеңип алышты.

Ал эми  “Кут-Билим” окуу-тарбия комплексинин окуучулары Эржан Улукбеков, Асылбек Исмаилов жана М. Субакожоев атындагы лицейдин окуучусу Данияр Бейшекеев, Ч. Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Талант Дыйканбаев информатика боюнча коло медалдарга ээ болушту.

Жайыл баатыр лицейинин окуучусу Талгат Бактыбеков математика боюнча коло медаль утуп алды.

IZhO-2022 менен катар өткөрүлгөн IMPACT математика, физика жана информатика мугалимдеринин жана машыктыруучулардын олимпиадасында “Газпром-Кыргызстан” мектебинин информатика мугалими Медер Осмонов алтын медаль, математика мугалими Мамат Ишматов күмүш медаль жеңип алышты.

Белгилей кетсек, аталган олимпиада 15-23-февраль күндөрү Алматы шаарында өткөн.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер