ТҮРКСОЙДУН СЫНАГЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛГОН КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР

  • 18.09.2023
  • 0

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунда “ТҮРКСОЙ – түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү” темасындагы мыкты дил баяндар сынагынын жана Түрк дүйнөсүнүн жаш сүрөтчүлөрүнүн эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Анкара шаарында өттү.

Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙ тарабынан уюмдун түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган сынакка ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн орто мектептеринин окуучулары катышты. Сынакка жалпысынан 50 миңге жакын дил баян авторлору жана жаш сүрөтчүлөр катышып, калыстар тобу Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстандан ар бир номинация жана жаш категориясы боюнча 3 жеңүүчүнү тандап алышкан.

Женүүчүлөр улуттук баалуулуктар, маданият, адабият, көркөм нарктуулуктар жөнүндө мыкты дил баяндарды жазган.

Сынакта биринчи, экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген алты мектеп окуучусу дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланды. Балыкчы шаарынын 9 классынын окуучусу Сезима Эсенгелдиева эл аралык конкурста биринчи орунду жеңип алып, алтын медаль жана ноутбук менен сыйланды.

Ал эми 2 орунда — Кушбакова Айбийке (БИШКЕК шаары Садыков атындагы мектеп №72), 3-орунда — Жумагазиева Канышай (БИШКЕК шаары No67 окуу-тарбия комплекси) жеңүүчү аталды.

“Түрк дүйнөсү жаш сүрөтчүлөр көзү менен” эл аралык конкурста жаш сүрөтчүлөр Тимур Мусин, Тимур Сулайманов, Абдушукур Закиров жеңип алды.

Ошондой эле Түрксой эл аралык уюму жалпы түрк дүйнөсүнөн келген жеңүүчүлөргө Анкара, Стамбулдун тарыхый, маданий жерлерине үч күндүк саякат уюштурду.

Окуучуларга мыкты мотивация берген бул сынак ТҮРКСОЙ тарыхында биринчи жолу уюштурулду жана ал жыл сайын салтка айланмакчы. Экинчи сынак Ашхабад шаарында өтөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер